Редакцияот 03.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 3-августу, № 367

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына байланыштуу, республиканын курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлансын:

Казакбаев Медис Казакбаевич

-

"Азат" YKK" ачык акционердик коомунун башкы директору;

Кокоев Рысбек Саипович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Курорттук-рекреациялык туриеттик комплекстер боюнча Ысык-Көл илим-изилдөө долбоорлоо институтунун шаар куруу мастерскоюнун начальниги;

Дуйшебаев Рахматулла Акимович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги;

Абдыкадыров Адилет Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги.

 

Премьер-министр

 

Т.А. Сариев