Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-августу, № 385-б
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 8-майындагы №5 «Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казакстан участогу аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы контролун алып салуу жөнүндө» чечимине ылайык чараларды ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- төмөнкү жерлерде бажы контролун жүргүзбөсүн:
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарында;
Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы аба каттамдарын аткарууда аэропорттордо;
мамлекеттик чек аранын кыргыз-казакстан участкасындагы бажы инфратүзүмүнүн объекттерин пайдалануу боюнча белгиленген тартипте сунуш киргизсин.
2. Ушул буйрук 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |