Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 14-августу, № 391-б
2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда субкредиттик макулдашуу түзсүн:
- кредиттин суммасын 11 млн (он бир миллион) евро өлчөмүндө белгилесин;
- кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка - Еврибор + 2,5 пайыз;
- кредиттик каражаттардын эсебинен сатылып алынган жабдуулар жана башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздары жарым жылда 1 жолу 24 бирдей бөлүк менен, ар жылдын 20-январында жана 20-июлунда төлөнөт, мында кредиттин биринчи төлөө датасы 2016-жылдын 20-июлу жана кредитти төлөөнүн акыркы датасы 2028-жылдын 20-январы;
- төлөмдү кечиктирген учурда айыптык санкциялар, мөөнөтү өткөн карыздар пайда болгон учурдан баштап бул карызды толук төлөп бүткөн датага чейин - Еврибор + жылдык 5 пайыз;
- 0,5 пайыз өлчөмүндөгү комиссия жылына кредиттин өздөштүрүлбөй калган суммасы үчүн;
- кредиттин суммасынан 1 пайыз өлчөмүндө кредит ачуу үчүн бир жолку комиссия.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 14-августу, № 391-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябры, 445-б буйруктунун редакциясына ылайык)
2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда субкредиттик макулдашуу түзсүн:
- кредиттин суммасы 11 (он бир) миллион евро өлчөмүндө белгиленсин, кредит эки транштан турат: 1-транш - 3 (үч) миллион евро өлчөмүндө жана 2-транш - 8 (сегиз) миллион евро өлчөмүндө;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн жылдык пайыздык ставка - Еврибор + 2,0 пайыз;
- кредиттик каражаттардын эсебинен сатылып алынган жабдуулар жана башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздары жарым жылда 1 жолу 24 бирдей бөлүк менен, ар жылдын 20-январында жана 20-июлунда төлөнөт, мында кредиттин биринчи төлөө датасы 2016-жылдын 20-июлу жана кредитти төлөөнүн акыркы датасы 2028-жылдын 20-январы;
- төлөмдү кармаган учурда айып санкциялары - мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан аны толугу менен жоюуга чейин мөөнөтү өткөн карыздын суммасына 4,0 жылдык пайыз өлчөмүндө туум эсептелинет;
- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасына жылына 0,5 пайыз өлчөмүндөгү комиссия 1-транш үчүн Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарында катуу калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууга кол койгон күндөн 60 күн өткөндөн кийин эсептелет, 2-транш үчүн - жогоруда аталган Кредиттик макулдашууда белгиленген кредиттик каражаттардын жеткиликтүүлүк шарттарын аткаргандан кийин 60 күн өткөндө;