Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 20-августу, № 403-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Автотранспорттук бирикме" мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 174-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын арызынын негизинде үч автотранспорт каражатын: кыймылдаткычынын № G6BV3376559, кузовунун № KMHFU41CP3A295258, 2003-жылы чыгарылган «Хундай-XGL» маркасындагы автомашинаны; кыймылдаткычынын № J3846564, кузовунун № KMHNM81XP3U109508, 2003-жылы чыгарылган «Хундай-Терракан» маркасындагы автомашинаны жана кыймылдаткычынын № G6CU4050236, кузовунун № KMHNM81CP5U169981, 2004-жылы чыгарылган «Хундай-Терракан» маркасындагы автомашинаны "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирге белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Автотранспорттук бирикме" мамлекеттик ишканасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Автотранспорттук бирикме" мамлекеттик ишканасы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган-автотранспорт каражаттарын ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын баалоону жүргүзсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |