Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-августу, № 416-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын окуу борборлорун ок атуу машыгууларын сапаттуу өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар менен комплекттөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги төмөнкү полигондук жабдууларды төмөнкүлөрдүн балансына кайтарымсыз тартипте өткөрүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына:
РТК - (роталык тактикалык комплект) - 1 комплект;
КОЖ (көчүрмө ок атуучу жабдуу) - 5 комплект;
РБ-КОЖ (радио менен башкарылуучу көчүрмө ок атуучу жабдуу) - 5 комплект;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына:
РБ-КОЖ (радио менен башкарылуучу көчүрмө ок атуучу жабдуу) - 5 комплект.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган полигондук жабдууларды белгиленген тартипте баланска кабыл алышсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |