Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-сентябры, № 431-р
Бишкек шаарынын аймагында 2015-жылдын 16-июлунда болуп өткөн террорчулукка каршы операциянын кесепеттерин жоюу жана жабыр тарткан адамдарга жардам берүү максатында, "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана 21-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте Бишкек шаарынын Шооруков көч. № 11, 11А жана № 13 жаңы үйлөрдү куруу үчүн архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- турак жайлардын жалпы аянты 63 м2ден 92 м2ге чейин 2 турак үйдүн курулушуна долбоордук документацияны иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Темиров көч. № 12, 12/1 жана № 16 үч турак үйдү, ошондой эле Шооруков көч. № 13 үйдүн мончосунун чатырын калыбына келтирүү боюнча курулуш иштерин жүргүзүү үчүн бекитилген дефект актыларын берүү;
- курулуп жаткан үйлөрдү суу жана табигый газ менен камсыздоону, электр энергия менен жабдууну уюштуруу үчүн керектүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык коргоо жана калкты колдоо Фондусунан бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сом өлчөмдөгү акча каражаттарын максаттуу багытталышы боюнча пайдалансын;
- Бишкек шаарында террорчулукка каршы операциянын жүрүшүндө бузулган 2 турак үйдүн курулушуна тиешелүү сметаларды даярдоо менен шашылыш чараларды көрсүн;
- берилген дефект актыларынын негизинде Темиров көч. № 12, №12/1, № 16 үч турак үйдү, ошондой эле Шооруков көч № 13 үйдүн мончосунун чатырын оңдоо боюнча шашылыш чараларды жүргүзсүн;
- ушул буйруктан келип чыккан уюштуруүчулук жана башка иш чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине:
- Бишкек шаарынын мэриясына республикалык бюджеттин каражаттарынан жабыр тарткан жарандарга келтирилген зыянды компенсациялоо үчүн 3 200 000 ( үч миллион эки жүз миң) сом суммасындагы акча каражатын бөлүп берсин, анын ичинде:
- Шооруков көч. № 11, үйдүн ээси Н.К. Баетовго - 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом жаңы үй салуу үчүн жана 500 000 (беш жүз миң) сом,;
- Шооруков көч. № 11 А үйдүн ээси И.В. Заряевге - 500 000 (беш жүз миң) сом, жеке мүлкүнө келтирилген зыянды компенсациялоо иретинде;
- Шоорукова көч. № 13 үйдүн ээси В.П. Федюнинага - 500 000 (беш жүз миң) сом, жеке мүлкүнө келтирилген зыянды компенсациялоо иретинде;
- Темиров көч. № 12 үйдүн ээси Б.М. Тоимбетовага - 100 000 (жүз миң) сом, жеке мүлкүнө келтирилген зыянды компенсациялоо иретинде;
- Темиров көч. № 12/1 үйдүн ээси А.А. Сибиряевге - 100000 (жүз миң) сом, жеке мүлкүнө келтирилген зыянды компенсациялоо иретинде;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 393 960 (үч жүз токсон үч миң тогуз жүз алтымыш) сом дефект актыларына ылайык Темиров көч. № 12, № 12/1 жана № 16 үч турак үйдү, ошондой элэ Шооруков көч. № 13 үйдүн мончосунун чатырын калыбына келтирүү иштерине бөлүп берсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |