Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-сентябры, № 440-б
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айыл аймагынын Кайрагач-Эски-Оочу каналында кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айыл округунун Кайрагач- Эски-Оочу каналында кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 1100 000 (бир миллион жүз миң) сом бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |