Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 11-сентябры, № 441-б
Чуй, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын аймактарында катуу шамалдын кесепеттерин жоюу жана турак-жайлардын, социалдык объектилердин чатырларын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Чүй, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын аймактарындагы катуу шамалдын кесепеттерин жоюуга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 7 104 334 (жети миллион бир жүз төрт миң үч жүз отуз төрт) сомду Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максатуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |