КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 24-августу, № 409-б
Кумтөр кенинин зонасындагы мөңгүлөрдүн абалын изилдөө менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 313-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- мөңгүлөрдүн абалын изилдөө боюнча эксперттик илимий-техникалык топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Итибаев Зарылбек Сагындыкович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору, эксперттик топтун жетекчиси; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Артыкбаев Расул Саткынович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик директорунун орун басары; |
- Алимбеков Д.К. топтун курамынан чыгарылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |