Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 14-сентябры, № 447-б
2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун алкагындагы кызматташтыкты улантуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
2003-жылдын 28-апрелиндеги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (мындан ары - ЖККУ) мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилдеги тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |