Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-сентябры, № 445-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-августундагы № 391-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кредиттин суммасы 11 (он бир) миллион евро өлчөмүндө белгиленсин, кредит эки транштан турат: 1-транш - 3 (үч) миллион евро өлчөмүндө жана 2-транш - 8 (сегиз) миллион евро өлчөмүндө;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн жылдык пайыздык ставка - Еврибор + 2,0 пайыз;”;
алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- төлөмдү кармаган учурда айып санкциялары - мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан аны толугу менен жоюуга чейин мөөнөтү өткөн карыздын суммасына 4,0 жылдык пайыз өлчөмүндө туум эсептелинет;
- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасына жылына 0,5 пайыз өлчөмүндөгү комиссия 1-транш үчүн Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарында катуу калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууга кол койгон күндөн 60 күн өткөндөн кийин эсептелет, 2-транш үчүн - жогоруда аталган Кредиттик макулдашууда белгиленген кредиттик каражаттардын жеткиликтүүлүк шарттарын аткаргандан кийин 60 күн өткөндө;".
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |