Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-сентябры № 461-б
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аштык буудайды сатып алуу максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- республиканын ун жана май чыгаруучу ишканаларынын дүң сатуу бааларын эске алуу менен, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгилеген баада жогорку сорттогу 250 тонна буудай унун жана 84 миң литр өсүмдүк майын белгиленген тартипте сатсын;
- унду жана өсүмдүк майын ведомстволук уюмдар жана жооптуу сактоочу ишканалар аркылуу республиканын региондоруна жана бюджеттик уюмдарга сатсын;
- сатуудан түшкөн каражаттарды мамлекеттик материалдык резервдин аштык буудайынын запасын толуктоого жумшасын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т.А. Сариев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-сентябры № 461-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 115-б буйругунун редакциясына ылайык)
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аштык буудайды сатып алуу максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
"- монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген, Кыргыз Республикасында түзүлгөн минималдык дүң бааларды эске алуу менен 208,6 тонна жогорку сорттогу буудай унун жана 46994 литр өсүмдүк майын белгиленген тартипте сатсын;
- унду жана өсүмдүк майын ведомстволук уюмдар жана жооптуу сактоочу ишканалар аркылуу республиканын региондоруна жана бюджеттик уюмдарга сатсын;
- сатуудан түшкөн каражаттарды мамлекеттик материалдык резервдин аштык буудайынын запасын толуктоого жумшасын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 115-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |