Редакцияот 07.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 7-сентябры № 429-б

1. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Астана шаарында 2015-жылдын 28-майындагы № 28 Чечими менен жактырылган "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларга контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри В.И.Дилге жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

Т.А. Сариев