Редакцияот 16.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 16-сентябры № 458-б

Шайлоо өткөрүү үчүн арналган жабдуулардын сакталышын, коопсуздугун жана контролдонушун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек жана Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрлерине (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилерине пилоттук тестирлөөнү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилине шайлоо өткөрүүгө арналган жабдууларды (мындан ары - жабдуулар) белгиленген тартипте жооптуу сактоого өткөрүп берсин.

2. Бишкек жана Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери жабдуулар кабыл алынган күндөн тартып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына белгиленген тартипте, өткөрүп бергенге чейин жабдуулардын сакталуусу жана коопсуздугу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.

3. Бишкек жана Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо аяктагандан кийин жабдууларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги пилоттук тестирлөө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн мезгилде жабдуулардын коопсуздугун камсыздоого жооптуу адамдарга зарыл болгон көмөктөрдү көрсөтүшсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

Т.А. Сариев