Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-сентябры № 455-б
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин аскердик форма кийимдери менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы Жалпы наркы 67723149 россия рубли 36 копеек (алтымыш жети миллион жети жүз жыйырма үч миң бир жүз кырк тогуз рубль отуз алты копеек) болгон буюм мүлкүн акысыз берүү жөнүндө контракттын расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |