Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-сентябры № 459-б
Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 277-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна белгиленген тартипте конкурс өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматта жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма
кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер
казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары
жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери
1. Конкурс өткөрүүнүн негизи жана максаттары
1. Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү Кыргыз Республикасы үчүн кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо максатында жүргүзүлөт.
2. Конкурска Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын 20 (жыйырма) жылдык мөөнөткө, пайдалуу кендин камдыгы түгөнгөнгө чейин андан ары улантуу менен пайдалануу укугу коюлат, мында конкурстун жеңүүчүсү төмөнкүдөй координаттардын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттери белгиленген лицензиялык шарттарды аткаруусу керек:
Чекиттер № | X | Ү | Чекиттер № | X | Ү |
1 | 4604000 | 12677000 | 4 | 4600000 | 12681000 |
2 | 4604000 | 12679500 | 5 | 4598500 | 12681000 |
3 | 4600000 | 12679500 | 6 | 4598500 | 12677000 |
Аянты - 1589,5 га
2. Терексай кендеринин топтору жөнүндө жалпы маалыматтар
3. Тереккан, Ашуу алтын кендери жана Терек алтын-сурьма кени (17-блоктон сырткары) Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагында, Терексай суусунун орто нугунда - Кассансай суусунун сол агымында, 1500-2400 метр абсолюттук бийиктиктерде жайгашкан.
4. Жакынкы айылга, Каныш-Кыя райондук борборго чейинки аралык 47 км түзөт. Жолдун бул бөлүгү - тоолуу кыртыш жол түрүндө. Каныш-Кыя айылынан тартып жол асфальт менен капталган. Ош шаарына чейинки аралык 370 км, Жалал-Абад шаарына чейин - 240 км түзөт. Кыргызстандагы жакынкы темир жол станциялары - Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай - 160 километрге жакын аралыкта.
Райондо отун ресурстары жок. Кен өнөр жайы жана геологиялык чалгындоо иштери ташып келинген отун жана жыгач материалдары менен камсыздалат.
Кен чыккан аянтта түздөн-түз "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Терексай кени" филиалы иштейт. Кен "Шекафтар" (35 км) подстанциясынан алынган райондук электр тармагынын электр энергиясы менен камсыздалат. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 60-80 миң тонна кенди түзөт. Кенди суу менен камсыздоо 2,5 м3/секунда дебити менен Терексай суусунан жүзөгө ашырылат.
5. Тереккан алтын кени 1934-жылы, ал эми Терек алтын-сурьма кени 1941-жылы ачылган. Терек кенин чалгындоо 1942-1955-жылдары жүргүзүлгөн.
1950-жылдан тартып 2001-жылга чейин кенди Кадамжай сурьма комбинатынын Терексай кени иштеткен.
1956-жылдан тартып 1969-жылга чейин Тереккан кенинде чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Тереккан менен бирге Терек кенинин Түштүк участогундагы кабатталган катмарлардын ортосундагы алтын кен тулкусуна чалгындоо жүргүзүлгөн.
1980-1984-жылдары Ашуу алтын кенине жана Терек кенинин "Дальний" участогуна толук чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Ашуу кени боюнча алтындын камдыгы чалгындалган жана бекитилген.
6. Терек кени кабатталган катмарлардын ортосундагы кен тулкусу түрүндө берилген. Кендин өнөр жай тиби сульфид-кварц-карбонатына кирет. Кен тулкулары жантайма эңкейиш (25º-45º) менен кабатталган катмарлар түрүндө. Кабатталган катмарлардын ортосундагы кен тулкусунун штольня горизонтундагы камдыктары "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Терексай кени" филиалы тарабынан иштетилген. Штольня горизонтунан төмөн калган баланстык камдыктар 1990-жылдары "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коому жүргүзгөн чалгындоо-эксплуатациялык шахта (ЧЭШ) аркылуу ачылат. Бул шахта негизинен Терексай сурьма кенинин сурьма калдыктарын ачкан. Кабатталган катмарлардын ортосундагы кен тулкусунун калган камдыктары түзүмдүк планда сурьма кен тулкуларынын үстүндө жайгашкан жана "чалгындоо-эксплуатациялык шахта" шахтасы тарабынан ачылат.
7. Тереккан кени тектүү геологиялык өнөр жай тибине кирет, кен камтыган тектери кварц-полевошпат-слюда сланецы болуп саналат. Кен тулкулары линза өңдүү жана мамы түрүндөгү формага ээ. Кычкылдануу зонасы үстүңкү беттен 30 м чейинки тереңдикте байкалат. Кенде 4,73% га чейин мышьяк, кычкылдангандарда - 6,44%, сульфиддүүлөрдө - 4% камтылган.
8. Ашуу кени татаалдыктын 3-тобуна таандык. Кендин өнөр жай тиби - тектүү, кен формациясы - алтын сульфиддүү. Кендин генезиси - гидротермалдуу. Кен тулкуларынын чегиндеги баланстык кендер үзгүлтүктүү - линза өңдүү формага ээ. Сульфиддеги алтын - 85,7% жана эркин - 2,8%, флотокоцентратка алынгандар - 87,2%, кендеги мышьяк 0,98-1,95%, концентратка 86,9% алынат жана анын концентраттагы курамы 3,02-4,11% түзөт. Кычкылдануу зонасы үстүңкү беттен 30 метрге чейинки тереңдикке жетет.
Объекттер өздөштүрүүгө толук даяр. Кендин технологиялык касиеттери изилденген, 1:10000, 1:5000 жана 1:1000 масштабындагы геологиялык карталар түзүлгөн.
9. Аталган кендердин камдыктары:
Кен чыккан жер, участок | Сурьма кен, т.т. сурьма, т.т. | Алтын кен, т.т. алтын, т | Күмүш, кен, т.т. күмүш, т | |||||||||
Камдыктардын жана божомолдуу ресурстардын категориясы | Камдыктардын жана божомолдуу ресурстардын категориясы | Камдыктардын жана божомолдуу ресурстардын категориясы | ||||||||||
| В | С1 | С2 | Р1 | С1 | С2 | з/б | Р1 | С1 | С2 | з/б | Р1 |
01.01.2015-жылга карата абал боюнча Мамлекеттик баланс тарабынан каттоого алынган камдыктар | ||||||||||||
Тереккан |
|
| ||||||||||
Ашуу |
|
|
|
|
| |||||||
Терек участоктору боюнча: | ||||||||||||
Түштүк |
|
|
|
|
|
| ||||||
Катмарлардын ортосундагы кен тулкусу |
|
|
|
|
|
| ||||||
Батыш |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Түндүк |
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендердин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссиясы (КМК) апробациялаган, бирок Мамлекеттик баланс тарабынан каттоого алынбаган камдыктар (КМКнын 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 86 протоколу) | ||||||||||||

Автордук камдыктар жана болжолдуу ресурстар | ||||||||||||

Чыгыш |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Биринчи май |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
Табыш-Терек сыныгынын зонасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
3. Конкурстун катышуучуларына карата негизги талаптар
10. Конкурска катышууга төмөнкүлөргө уруксат берилет:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарга;
- чет мамлекетте катталган юридикалык жактарга (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар);
- жеке жактарга - Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга.
11. Ушул Шарттардын 10-пунктунда көрсөтүлгөн жактар конкурска катышууга мүмкүндүк алуу үчүн төмөнкү талаптарга шайкеш келүүсү керек:
- геологиялык чалгындоо иштери жана алтын кенин иштетүү жаатында 5 (беш) жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болуу, анын ичинде башка өлкөлөрдөгү иш тажрыйбасы менен;
- геологиялык чалгындоо жаатындагы илимий-методикалык негиздерди жана стандарттарды билүү жана пайдалуу кендерди чалгындоо, казуу жана иштетүүдө заманбап технологияларды колдонууга жөндөмдүү;
- кенди иштетүү үчүн зарыл болгон өздүк каражаттарга жана/же кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу.
Көрсөтүлгөн жактар өзүнүн ишинде өнөр жай коопсуздугу, экологиялык коопсуздук, кенди коргоо жана кенди сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы эл аралык стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын стандарттарын сакташы керек.
12. Конкурстун катышуучулары конкурстук комиссиянын кароосуна Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн керектүү болгон, өздөрүнүн квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кошумча маалыматты жана документтерди берүүгө укуктуу.
4. Кенди пайдалануунун негизги шарттары
13. Кенди пайдалануунун негизги шарттары конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган жана Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна лицензия (мындан ары - лицензия) алган жактын бир катар милдеттенмелерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү аткаруусу болуп саналат:
1) конкурска катышууга тийиштүү билдирүүдө көрсөтүлгөн өлчөмдө, бирок 20000000 (жыйырма миллион) АКШ долларынан кем эмес, конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн бааны төлөө (мындан ары - конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа);
2) лицензия берилген датадан тартып 1 (бир) жылдан кеч эмес, Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү үчүн, өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча эксперттик оң корутундулар менен техникалык долбоорду даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууну камсыздоо;
3) кендерди иштетүүгө карата техникалык долбоорго баланстык камдыктарга болжолдуу ресурстарды которуу максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнү, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды, бузулган жерлерди рекультивациялоо жана тийиштүү фондду түзүү менен андан ары мониторинг долбоорун, кен мүлкүн жоюу долбоорун, эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жооп берген жер казынасын сарамжалдуу, коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон лицензиаттын башка аракеттерин киргизүү;
4) инвестиция салууну, анын ичинде ушул Шарттардын 19-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн бааны кошпогондо жана лицензияны берүү датасынан тартып алгачкы 3 (үч) жыл үчүн долбоорго ылайык банк жана финансы институттары тарабынан каржылоону тартуу аркылуу инвестиция салууну камсыздоо;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоорлордун жоболорун так сактоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды аткаруу;
6) Кыргыз Республикасында алтын аффинажын өткөрүү;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алуу укуктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо;
8) лицензияларды алган датадан тартып 2 (эки) айдан кеч эмес жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосу жана жактыруусу үчүн, жергиликтүү жамаатта жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, иштер жүргүзүлүп жаткан региондордо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштуруу, кенди иштетүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдалануу, калкты кен чыккан жерди өздөштүрүү менен байланышкан иштерди өткөрүүгө карата тартуу максатында калкты кесиптик даярдоону уюштуруу программасын камтыган социалдык пакетти (Макулдашуу) берүү. Мында алтын алуу фабрикасын (мындан ары - ААФ) куруу мезгилинде жергиликтүү коомдоштукту өнүктүрүүгө ар жылдык инвестициялардын өлчөмү акчалай эквивалент менен 15000000 (он беш миллион) сомдон төмөн болбошу керек, ал эми кийинки жылдары 20000000 (жыйырма миллион) сомдон төмөн болбошу керек;
9) кен иштетүүгө техникалык долбоорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу күнүнөн тартып 3 (үч) айдан кечиктирбей ААФты жана калдык сактоочу жайды курууга киришүү. Курулушту баштоонун мөөнөтүн бузган учурда лицензиат "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, курулушту баштоо мөөнөтүн бузуунун ар бир айы үчүн 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндө айып төлөөгө макул болот (50% - республикалык бюджетке, 30% - Чаткал районун өнүктүрүү фондуна жана 20% - Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине);
10) ААФты жана калдык сактоочу жайды көрсөтүлгөн мөөнөтүндө өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүүнү камсыздоо, ал кенди иштетүүгө техникалык долбоорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу датасынан тартып 2 жылдан ашпашы керек. Өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүү боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттөр бузулган учурда лицензиат форс-мажордук жагдайлардан тышкары, эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтүн бузуунун ар бир айы үчүн 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндө айып төлөөгө макул болот (50% - республикалык бюджетке, 30% - Чаткал районун өнүктүрүү фондуна жана 20% - Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине);
11) эксплуатациялоого киргизген датадан тартып 6 (алты) айдан кеч эмес ААФны техникалык долбоордо каралган өндүрүмдүүлүктөгү долбоордук кубаттуулугуна, бирок долбоордук кубаттуулуктан 50% кем эмес чыгуусун камсыздоо. 50 пайыздык долбоордук кубаттуулукка чыгуунун мөөнөтүн бузуу учурунда лицензиат форс-мажордук жагдайлардан тышкары пайдаланууга киргизүүнүн мөөнөтүн бузуунун ар бир айы үчүн 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндө айып төлөөгө макул болот (50% - республикалык бюджетке жана 30% - Чаткал районун өнүктүрүү фондуна жана 20% - Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине);
12) ААФны куруу убагында жана аны пайдаланууга киргизгенге чейин подряддык жана субподряддык уюмдарды эске алуу менен, лицензиаттын кызматкерлеринин жалпы санынан 30%дан көп эмес, ал эми ААФ колдонууга киргизгенден кийин - 10%дан көп эмес санда чет өлкөлүк адистерди тартуу;
13) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн, аткарылбаган жана көрсөтүлбөгөн товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудан тышкары, лицензиаттын ишмердигин камсыздоо үчүн керектүү, Кыргыз Республикасынын аймагында, белгиленген сапат стандарттарына шайкеш келген бардык товарларды (товардык-материалдык баалуулуктарды), иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруу.
14. Жер казыналарын пайдалануу укугун берүүнүн шарттары, анын ичинде жогоруда баяндалган негизги шарттар конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензияга карата лицензиялык макулдашууда бекитилет. Кенди пайдалануунун жогоруда аталган шарттарын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиздеме болуп саналат.
15. Конкурска катышууга билдирүү берүүнүн фактысы катары конкурстун катышуучусу жогоруда саналган кенди пайдалануунун негизги шарттарын тааныйт жана аларды конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензиялык макулдашууга кошууга макул болот.
5. Жыйымдын, кепилдик төгүмүнүн, баанын, салыктардын жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, төлөө тартиби жана мөөнөттөрү
16. Кыскача геологиялык маалыматтар пакети үчүн акы төлөө:
1) Комиссиянын жумушчу органы ар бир арыз ээсине кыскача геологиялык маалыматты берет. Конкурска катышуу үчүн арыз ээлери аталган геологиялык маалыматты 1677610 (бир миллион алты жүз жетимиш жети миң алты жүз он) сом өлчөмүндө акы үчүн сатып алууга милдеттүү;
2) ушул пункттун биринчи пунктчасында көрсөтүлгөн, кыскача геологиялык маалыматтар пакети үчүн акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Геология агенттиги) - ушул Шарттардын 20-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат. Геологиялык маалымат арыз ээсине анын наркын толук төлөгөндөн кийин берилет.
17. Конкурска катышуу үчүн жыйым.
Конкурстун катышуучулары 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө же анын эквивалентинде төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча АКШ доллары менен төлөөгө милдеттүү (мындан ары - катышуу үчүн жыйым). Конкурска катышуу үчүн жыйым конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы бааны камтыбайт жана документтерди кароонун жыйынтыктарынан жана/же конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабастан кайра кайтарылбайт. Аталган каражаттар ушул Шарттардын 20-пунктунда көрсөтүлгөн, конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
18. Катышуучунун кепилдик төгүмү.
Конкурстун катышуучулары 2000000 (эки миллион) АКШ доллары суммасында кепилдик төгүмүн төлөшү керек. Конкурстун жеңүүчүсү ушул Шарттардын 19-пунктунда каралгандай, пайдалануу укугу үчүн бааны кийин төлөгөн учурда, кепилдик төгүмү Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баага кошулат. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү ушул Шарттардын 19-пунктунда каралган мөөнөттө Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн бааны төлөбөсө, кепилдик төгүмү конкурстун жеңүүчүсүнө кайра кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
19. Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа.
1) Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа 20000000 (жыйырма миллион) АКШ долларын түзгөн минималдуу чектен төмөн болбошу керек. Баа өзүнө бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө кыскача геологиялык маалыматтар пакети үчүн бааны камтыйт. Бонусту жана жер казынасы жөнүндө кыскача геологиялык маалыматтар пакети үчүн бааны эсептен чыгаруу менен жалпы сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа бир жолку жана кайра кайтарылбоочу төлөм болуп саналат;
2) конкурстун жеңүүчүсү ал сунуштаган Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн бааны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими жарыяланган датадан тартып 30 жумушчу күндүн аралыгында төлөөгө милдеттүү.
20. Төлөө үчүн реквизиттер.
Геологиялык кыскача маалыматтардын пакети үчүн төлөө, конкурска катышуу үчүн жыйым, кепилдик төгүмү, ошондой эле тийиштүү дайындоону көрсөтүү менен конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа Геология агенттигинин алыш-бериш эсебинин төмөндөгү реквизиттерине төлөнүшү керек:
Алуучу: Бишкек шаарынын Октябрь РКБ
Банк: "РСК-Банк" ААКнын Октябрь филиалы
БИК 129053
Алыш-бериш эсеби: 1290534132810077
Өздүк эсеп: 4402032100002327
Төлөмдү дайындоо: [Геология агенттигинин өздүк эсебине геологиялык маалыматтардын кыскача пакети үчүн төлөө]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине конкурска катышуу үчүн жыйым]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөө (Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа)].
21. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.
6. Конкурстун этаптары жана конкурстун катышуучулары берүүчү документтер
22. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучуларынын документтерин кабыл алууну жана аларды экинчи этапка өткөрүү же өткөрүүдөн баш тартуу максаттарында, алар берген документтердин ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигин баалоону ишке ашырат. Экинчи этапта конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабына өткөрүлгөн, конкурстун катышуучулары берген документтерди кабыл алууну жана алардын ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигине баалоо жүргүзүү ишке ашырылат жана белгиленген чен белгилерге ылайык конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт.
23. Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары конкурс өткөрүү жөнүндө расмий басма органдарында кулактандырууну жарыялаган учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбей 2 (эки) нускада төмөндөгү документтерди Геология агенттигине төмөнкү дарек боюнча беришет: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 217кабинет:
1) 1-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынын атына конкурска катышууга билдирүү;
2) геологиялык кыскача маалыматтардын пакети үчүн төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
3) конкурска катышуу үчүн жыйымды төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
4) кепилдик төгүм төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.
Мөөр басылган конвертте төмөндөгү документтер дагы берилет:
а) Кыргыз Республикасында катталган (кайра катталган) юридикалык жактар үчүн, - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана өз мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставынын жана уюмдаштыруу келишиминин көчүрмөлөрү;
б) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюмдаштыруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, ошондой эле мамлекеттик реестрден апостилденген же легалдаштырылган көчүрмөсү же ал өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналаарын күбөлөндүрүүчү башка документ. Чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан чет тилде берилген уюмдаштыруучу документтер жана каттоо жөнүндө күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилиши керек. Мамлекеттик реестрден же юридикалык жак өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштегендигин күбөлөндүрүүчү, башка документтерден көчүрмөлөрдүн колдонуу мөөнөтү аталган документтерди берүү күнүнөн тартып 6 (алты) айдан ашпашы керек.
Эскертүү: Документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт:
- Кыргыз Республикасынын Гаага Конвенциясына кошулуусуна байланыштуу каршылык билдирген катышуучу өлкөлөрдөн тышкары, 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талаптарын жокко чыгарган конвенцияга ("Гаага Конвенциясы") катышуучу өлкөлөр үчүн, жана
- 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга катышуучу өлкөлөр үчүн ("Кишинев Конвенциясы");
в) жеке жактар үчүн - паспортунун көчүрмөсү жана жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк. Чет өлкөлүк жеке жактар нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге которулган паспортунун көчүрмөсүн кошумча беришет;
г) 2-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурстун катышуучуларынын ээлери жана/же бенефициарлары болуп саналган жактарды аныктоочу маалыматтар жана документтер;
д) юридикалык жактын жетекчисинин же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер;
е) 3-тиркемеге ылайык форма боюнча төмөндөгүлөр жөнүндө кат түрүндөгү милдеттенме:
- конкурстун катышуучусу аны конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда ушул Шарттар менен каралган бардык айыптарды төлөөгө макул болот;
- конкурстун катышуучусу аны конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда, ал сунуштаган Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа кайтарылбас төлөм болуп саналаарына макул болот;
- конкурстун катышуучусу өзүнүн ишинин жыйынтыгында курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтурууга жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуулардын натыйжасында келтирилген болсо, курчап турган чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө макул болот.
24. Конкурстун катышуучусу документтерди конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун биринчи этабынын алкагында катышууга көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмесин камтыган бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен ажыратылып, конверттин ичиндеги бардык беттери номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет. Документтерди чет тилдерде берүү учурунда аларга карата нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормолору тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилде берилген документтерди карайт. Конкурстун катышуучусу тарабынан берилген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор документтерди кабыл алуу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин кабыл алынбайт. Берилген документтер кайра кайтарууга жатпайт жана Геология агенттигинде сакталат.
25. Документтер салынган конверттерди ачуу документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кийинки жумушчу күнү конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталыштары жана алар берген документтердин беттеринин саны көрсөтүлөт. Конкурстук комиссия конверттерди ачкан учурдан тартып 5 жумушчу күндүн аралыгында берилген документтерди карайт жана конкурстун катышуучуларынын конкурстун экинчи этабына катышуусуна өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстун катышуучулары берген документтер ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда экинчи этапка катышууга өткөрүлөт. Берилген документтердин тизмегине, түрүнө жана формасына карата талаптарга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда конкурстук комиссия протокол түрүндө таризделген кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.
26. Конкурстук комиссиянын экинчи этапка өткөрүү жөнүндө же өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында, ошондой эле башка расмий басылмаларда жарыяланат.
27. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка өткөрүлгөн конкурстун катышуучулары, өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 календардык күндөн кечиктирбей Геология агенттигине мөөр басылган конверт менен: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 217 кабинет дареги боюнча төмөндөгү документтерди беришет, алар:
1) өзүнө төмөндөгүлөр боюнча сунуштарды (болжолдуу) камтыган, Тереккан, Ашуу жана Терек алтын алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү программасы:
- капиталдык салымдарга, эксплуатациялык чыгымдарга жана долбоордун кирешелүүлүгүнө байланыштуу техникалык-экономикалык эсептөөлөр;
- болжолдонгон ресурстарды өнөр жайлыкка которуу максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү программасы;
- кен казынасын пайдаланууга укуктарды алгандан кийин, пайдалуу кен чыккан жерлерди пайдаланууга киргизүүнүн эң кыска мөөнөтү;
- пайдалуу казындыларды чалгындоодо, казууда жана кайра иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу;
- бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чаралар;
- керектүү инвестициялардын эсеби;
2) акыркы 5 (беш) жылдан кем эмес мезгилде алтын кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо жана иштетүү жаатындагы иш тажрыйбасы бар экенин күбөлөндүргөн маалыматтар жана документтер;
3) баштапкы капиталдык салымдар үчүн өздүк каражаттардын болушу жөнүндө жана/же финансы ресурстарын тартуу мүмкүндүгү жөнүндө ырастоо жана башка ушул сыяктуу документтер;
4) жергиликтүү жамаатты жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, иштер жүргүзүлүп жаткан региондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштуруу, кенди иштетүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдалануу, калкты кен чыккан жерди өздөштүрүү менен байланышкан иштерди өткөрүүгө карата тартуу максатында калкты кесиптик даярдоону уюштуруу программасын камтыган "Социалдык пакет" боюнча сунуштар;
5) ушул Шарттардын 19-пунктунда көрсөтүлгөн, минималдуу наркынан төмөн эмес, конкурс объектисинин кен казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны сунуштоо;
6) юридикалык жактын - келечектеги лицензиаттын уставдык капиталындагы катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына акысыз берүү боюнча сунуш;
7) конкурстун катышуучусунун Тереккан, Ашуу алтын жана Терек алтын-сурьма кендерин (17-блоктон сырткары) иштетүү үчүн керектүү болгон квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бардык кошумча маалыматтар жана документтер.
28. Экинчи этапка өткөрүлгөн конкурстун катышуучусу конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун экинчи этабында катышуунун алкагында документтерди берүү жөнүндө көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмесин камтыган документтерди бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен ажыратылып, конверттин ичиндеги бардык беттери номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет. Документтер чет тилде берилген учурда алардын нотариуста күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору тиркелиши керек. Документтерди кабыл алуу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин конкурстун катышуучусу тарабынан берилген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайра берилбейт жана Геология агенттигинде сакталат.
29. Документтер бар конверттерди ачуу документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийинки жумушчу күнү конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталыштары жана даректери, алар берген документтердин барактарынын саны жана конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баа көрсөтүлөт. Конкурстун катышуучулары конверттерди ачууда катышууга укуктуу.
30. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий сайтында жарыяланат.
7. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун критерийлери
31. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 (беш) жумушчу күндүн аралыгында конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карайт, конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат. Конкурстун катышуучулары берген документтерди кароодо конкурстук комиссия берилген документтердин алкагында кошумча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
32. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматтарды баалоо аркылуу аныкталат. Документтерди баалоо упай тутумунда төмөндөгү чен белгилер боюнча конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт:
№ | Критерийдин аталышы | Упайлар |
1 | Тереккан, Ашуу алтын жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү боюнча берилген программасынын сапаты, анын ичинде анын ушул Шарттарда белгиленген талаптарга шайкештиги | 5 упайга чейин |
2 | Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча берилген программанын сапаты, анын ичинде анын ушул Шарттарда белгиленген талаптарга шайкештиги | 3 упайга чейин |
3 | Кендерди иштетүү үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөр (жеке жана тартылган каражаттар) | 3 упайга чейин |
4 | Ушул Шарттардын 13-пунктунун 8-пунктчасында көрсөтүлгөн суммадан сырткары социалдык пакетке бөлүнүүчү финансылык каражаттардын көлөмү (суммасы) | 3 упайга чейин |
5 | Жер казынасын пайдалануу укугун алгандан кийин кенди эксплуатацияга киргизүүнүн эң жакынкы мөөнөтү | 18 айга чейин - 5 упай, 30 айга чейин - 2 упай |
6 | ААФ куруу | ААФ - 5 упай, Бириккен ААФ - 20 упай |
7 | Ашуу жана Тереккан кенинде технологиялык жолдорду куруу | 12 айга чейин - 6 упай; 6 айга чейин - 10 упай |
8 | Электр берүү линиясын (ЭБЛ) куруу | 6 айга чейин - 10 упай; 12 айга чейин - 5 упай |
9 | Кыргыз Республикасына юридикалык жактын - келечектеги лицензиаттын уставдык капиталына катышуу үлүшүн акысыз берүү | ар бир 10 пайыз үчүн - 10 упай |
Эскертүү: конкурска 100% мамлекеттин менчигиндеги юридикалык жак катышкан учурда, № 9 критерий боюнча упайлар чет өлкөлүк инвестор менен биргелешип иштөө жөнүндө макулдашууга жараша аныкталат.
33. Ар бир катышуучуга карата конкурстук комиссия тарабынан катышуучу ар бир критерий боюнча алган упайларды жана катышуучунун жалпы упайын көрсөтүү менен, упайларды эсептөө протоколу түзүлөт.
34. Катышуучулардын бардык сунуштарын талдоонун жана белгиленген критерийлер боюнча упайларды аныктоонун негизинде комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн натыйжасы жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алат.
35. Конкурстун жеңүүчүсү катары баарынан көп санда упай топтогон катышуучу таанылат. Эки жана андан көп катышуучуда упайлар тең чыкканда, комиссиянын төрагасы ачык добуш берүү процедурасын дайындайт. Добуш берүү ар бир катышуучу боюнча өзүнчө өткөрүлөт. Мында комиссиянын ар бир мүчөсү өзүнүн добушун бир катышуучу үчүн гана берүүгө укуктуу. Баарынан көп добуш алган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Эгерде эки жана андан көп катышуучу үчүн бирдей добуштар берилип калса, анда мындай катышуучулар боюнча биринчи турдун эрежелери боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталганга чейин добуш берүүнүн кошумча туру өткөрүлөт. Комиссиянын мүчөлөрү добуш берүүдөн карманууга укугу жок. Добуш берүүнүн бардык турларында, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең чыкканда, конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
36. Конкурстук комиссиянын чечими жазуу түрүндө таризделет, конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү тарабынан кол коюлат жана конкурстун катышуучуларын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими расмий басма органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланат.
37. Конкурстук комиссиянын протоколдору эгерде ага конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү кол койсо жарактуу деп эсептелет.
38. Конкурстук комиссиянын чечими конкурстун жеңүүчүсүнө Тереккан, Ашуу алтын жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны берүү үчүн негиз болот. Лицензияларга карата лицензиялык макулдашуулар конкурсту өткөрүүдө белгиленген шарттарды камтышы керек.
39. Конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылган учурда, лицензиялар конкурстун жеңүүчүсү - чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан Кыргыз Республикасында Терексай кендер тобунун жайгашкан жеринде түзүлгөн жана катталган туунду компаниясына берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жакты түзүүчү туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жакты конкурстун жеңүүчүсү деп жарыялаган күндөн тартып бир айдан кечикпей катталышы керек. Түзүлгөн туунду компания юридикалык жакта - лицензиатта катышуу Кыргыз Республикасына акысыз бергенден башка учурларда 100% чет өлкөлүк юридикалык жакка - конкурстун жеңүүчүсүнө таандык болушу керек.
40. Лицензия конкурстун жеңүүчүсүнө ал сунуштаган конкурс объектисинин кен казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны төлөгөндөн кийин, 5 жумушчу күндүн ичинде берилет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү катары чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, анда лицензияны берүү (а) ал сунуштаган конкурс объектисинин кен казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны төлөп жана (б) Кыргыз Республикасынын аймагында Тереккан, Ашуу алтын жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасынын жайгашкан жерде чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясын каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы же нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилгенден кийин, көрсөтүлгөн даталардын кайсынысы кеч болооруна жараша, 5 жумушчу күндүн ичинде берилет.
41. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса же ал конкурс объектисинин жер казыналарын пайдалануу укугу үчүн өзү сунуш кылган бааны белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, конкурстун жеңүүчүсү лицензия алууга укукту жоготот жана конкурстун жеңүүчүсү болуп башка катышуучуларга карата баш тарткан жеңүүчүдөн кийин көп санда упай топтогон же конкурстук комиссия тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, кошумча добуш берүүдө баарынан көп добуш алган катышуучу таанылат.
8. Конкурсту токтотуу жана өткөн жок, жараксыз деп таануу
42. Массалык маалымат каражаттарында конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланганга жана конкурстук комиссия тарабынан жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурсту токтотууга укуктуу. Мындай учурда конкурстук комиссия таратылууга тийиш. Эгерде жарыялангандан кийин конкурс болбой калса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстук комиссияны таратууга жана жаңы конкурстук курам менен жаңы конкурс жарыялоого укуктуу.
43. Конкурска катышууга өтүнмөлөр жок болгондо же эгерде конкурска катышуу үчүн бир катышуучудан гана өтүнмө келип түшсө, же эгерде конкурстун бардык катышуучулары тарабынан берилген документтер конкурстун катышуучуларына карата негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, конкурс протокол менен таризделүүчү жана расмий басма сөз органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыялануучу конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде өткөн жок деп таанылат.
44. Конкурстун катышуучусу конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин конкурска катышууга өзүнүн өтүнмөсүн кайра алууга укуктуу. Мында конкурска катышуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү жыйым жана 1677610 (бир миллион алты жүз жетимиш жети миң алты жүз он) сом өлчөмүндөгү кыскача геологиялык маалымат пакети үчүн акы кайра берилбейт, ал эми кепилдик төгүмү кайра берилүүгө тийиш.
Сурап-билүү үчүн телефондор: (+996 312) 30-03-71, 30-02-46.
Бул маалымат менен Геология агенттигинин расмий веб-сайтынан таанышууга болот: www.geology.kg
|
| Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине 1-тиркеме |
Форма
Конкурска катышууга ТИПТҮҮ ӨТҮНМӨ
Мен, ________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
_____________________________________________________________________________
(ким экендигин тастыктаган документ)

(документтин түрү, сериясы, номери, ким жана качан берген)
атынан чыгып

(толук аталышы, каттоо номери, датасы жана каттаган орган,

юридикалык жактын дареги, банк реквизиттери)
____________________________________________________________________ негизинде
аракеттенүү менен

(кызмат адамына аракеттенүүгө негиз болгон документ, эгер өкүл ишеним

кат боюнча аракеттенсе - анда ишеним каттын реквизиттери)
Ишеним кат боюнча:
Мен,

(документтин түрү, сериясы, номери, ким жана качан берген) жашаган дареги:

(шаар, айыл, көчө, үйдүн же батирдин №)
Ушуну менен:

(орду жана убактысы)
жер казынасынын _____________________________________________________________
объекттери үчүн ________________________________________________ лоттор боюнча
өтүүчү конкурска катышуу ниетимди билдирем.
Бул ниетке ылайык мен төмөнкү төгүмдөрдү төлөдүм:
1. Баштапкы географиялык маалымат үчүн 1677610 (бир миллион алты жүз жетимиш жети миң алты жүз он) сом өлчөмүндөгү төлөм;
2. Конкурска катышуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү жыйым.
Конкурста жеңсем төмөнкүлөргө милдеттенем:
1) конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга;
2) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга конкурста алынган жер казынасынын объектин пайдалануу укугунун баасын конкурстун шарттарында аныкталган мөөнөттө төлөөгө;
3) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл төлөмдөрдү төлөөгө;
4) жер казынасынын объектин конкурска коюунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген, конкурстун уюштуруучулары тарабынан жер казынасынын объектин пайдаланууга белгиленген талаптарды аткарууга, ал эми алар аткарылбаган учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын "___" ____________ № ___________ буйругу менен бекитилген Тереккан, Ашуу алтын кендерине жана Терек алтын-сурьма кенине карата кендерди пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде каралган айып санкцияларды төлөөгө милдеттенем. Мен берилген сунуштардын бири дагы конкурстун шарттарына жооп бербей, же өтүнмөлөр жок болгон, же бир гана өтүнмө берилген учурда конкурс болгон жок деп таанылса конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга, бул учурда баштапкы географиялык маалымат үчүн төгүлгөн сумма жана конкурска катышуу үчүн жыйым кайтарылбай турганына жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга калаарына макулмун.
Конкурска катышуу үчүн ушул өтүнмөгө кошумча төмөнкүлөрдү тиркейм:
1. __________________________________________________________________________;
2. __________________________________________________________________________;
3. __________________________________________________________________________;
4. __________________________________________________________________________;
5. __________________________________________________________________________;
6. __________________________________________________________________________;
7. __________________________________________________________________________;
8. __________________________________________________________________________;
Паспортту өтүнмө берилген учурда талапкер өзү көрсөтөт.
Өтүнмө ээсинин (ыйгарым укуктуу жактын) колу: ___________________________________
Датасы 2015-жылдын "___" _________________
Кабыл алынды:
_____________________________________________________________________________
(өтүнмөнү кабыл алган адамдын кызматы)

(өтүнмө кабыл алынган күн, так убактысын көрсөтүү менен)

(өтүнмөнү кабыл алган адамдын аты-жөнү, кызматы)
|
| Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине 2-тиркеме |
Форма
Компаниянын менчик ээлери жөнүндө МААЛЫМКАТ
1. Компаниянын толук аталышы
2. Компаниянын юридикалык дареги (жайгашкан орду)
3. Мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн күнү жана орду
4. Компания □ жеке менчик □ мамлекеттик болуп эсептелет
5. Компания 100% акцияларга/катышуу үлүшүнө ээлик кылган туунду компанияларды атаңыз
6. Компания 5% акцияларга/катышуу үлүшүнө ээлик кылган башка компанияларды дагы атаңыз
7. Компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат (акционерлер/компаниянын катышуучулары)
№ | Юридикалык жактын аталышы/менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/катталган дареги | Тастыктоочу документтер жөнүндө маалымат |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
8. Акционер менчик ээлери/компаниянын катышуучулары жөнүндө маалымат

9. 8-пунктта көрсөтүлгөн компаниялардын менчик ээлери жөнүндө маалымат

Компания ушул маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматтардын жана информациянын толуктугуна, тактыгына жана тууралыгына кепилдик берет
Колу: | __________________________ | М.О. |
Аты-жөнү: | __________________________ |
|
Кызматы: | __________________________ |
|
Датасы: | __________________________ |
|
|
| Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине 3-тиркеме |
Форма
Милдеттенме
Мындан ары "Катышуучу" деп аталган ________________________ атынан ___________________ негизинде аракеттенген ____________________ ушуну менен Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде (мындан ары - "Шарттар") каралган талаптардын баарын сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска катышуучу жеңүүчү катары аныкталган учурда, төмөнкүлөргө макулдугун берет:
- конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү катары аныкталган учурда ушул Шарттарда каралган айып пулдардын баарын төлөөгө;
- объекттин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал сунуштаган баа кайра берилбечү төлөм болуп эсептелээрине;
- өзүнүн ишинин натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана эгер мындай зыян экологиялык эрежелерди бузуунун натыйжасында келтирилген болсо, айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө.
Катышуучу жогоруда саналган милдеттенмелер Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарынын бир бөлүгү болуп эсепте турганын түшүнөт жана макул болот жана аларды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Колу: | __________________________ | |
Аты-жөнү: | __________________________ | |
Кызматы: | __________________________ | |
Датасы: | __________________________ |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-сентябры № 459-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 531-б буйругунун редакциясына ылайык)
Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 277-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна белгиленген тартипте конкурс өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматта жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма
кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер
казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары
жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери
1. Конкурс өткөрүүнүн негизи жана максаттары
1. Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү Кыргыз Республикасы үчүн кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо максатында жүргүзүлөт.
2. Конкурска Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын 20 (жыйырма) жылдык мөөнөткө, пайдалуу кендин камдыгы түгөнгөнгө чейин андан ары улантуу менен пайдалануу укугу коюлат, мында конкурстун жеңүүчүсү төмөнкүдөй координаттардын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттери белгиленген лицензиялык шарттарды аткаруусу керек:
Чекиттер № | X | Ү | Чекиттер № | X | Ү |
1 | 4604000 | 12677000 | 4 | 4600000 | 12681000 |
2 | 4604000 | 12679500 | 5 | 4598500 | 12681000 |
3 | 4600000 | 12679500 | 6 | 4598500 | 12677000 |
Аянты - 1589,5 га
2. Терексай кендеринин топтору жөнүндө жалпы маалыматтар
3. Тереккан, Ашуу алтын кендери жана Терек алтын-сурьма кени (17-блоктон сырткары) Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагында, Терексай суусунун орто нугунда - Кассансай суусунун сол агымында, 1500-2400 метр абсолюттук бийиктиктерде жайгашкан.
4. Жакынкы айылга, Каныш-Кыя райондук борборго чейинки аралык 47 км түзөт. Жолдун бул бөлүгү - тоолуу кыртыш жол түрүндө. Каныш-Кыя айылынан тартып жол асфальт менен капталган. Ош шаарына чейинки аралык 370 км, Жалал-Абад шаарына чейин - 240 км түзөт. Кыргызстандагы жакынкы темир жол станциялары - Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай - 160 километрге жакын аралыкта.
Райондо отун ресурстары жок. Кен өнөр жайы жана геологиялык чалгындоо иштери ташып келинген отун жана жыгач материалдары менен камсыздалат.
Кен чыккан аянтта түздөн-түз "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Терексай кени" филиалы иштейт. Кен "Шекафтар" (35 км) подстанциясынан алынган райондук электр тармагынын электр энергиясы менен камсыздалат. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 60-80 миң тонна кенди түзөт. Кенди суу менен камсыздоо 2,5 м3/секунда дебити менен Терексай суусунан жүзөгө ашырылат.
5. Тереккан алтын кени 1934-жылы, ал эми Терек алтын-сурьма кени 1941-жылы ачылган. Терек кенин чалгындоо 1942-1955-жылдары жүргүзүлгөн.
1950-жылдан тартып 2001-жылга чейин кенди Кадамжай сурьма комбинатынын Терексай кени иштеткен.
1956-жылдан тартып 1969-жылга чейин Тереккан кенинде чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Тереккан менен бирге Терек кенинин Түштүк участогундагы кабатталган катмарлардын ортосундагы алтын кен тулкусуна чалгындоо жүргүзүлгөн.
1980-1984-жылдары Ашуу алтын кенине жана Терек кенинин "Дальний" участогуна толук чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Ашуу кени боюнча алтындын камдыгы чалгындалган жана бекитилген.
6. Терек кени кабатталган катмарлардын ортосундагы кен тулкусу түрүндө берилген. Кендин өнөр жай тиби сульфид-кварц-карбонатына кирет. Кен тулкулары жантайма эңкейиш (25º-45º) менен кабатталган катмарлар түрүндө. Кабатталган катмарлардын ортосундагы кен тулкусунун штольня горизонтундагы камдыктары "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Терексай кени" филиалы тарабынан иштетилген. Штольня горизонтунан төмөн калган баланстык камдыктар 1990-жылдары "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коому жүргүзгөн чалгындоо-эксплуатациялык шахта (ЧЭШ) аркылуу ачылат. Бул шахта негизинен Терексай сурьма кенинин сурьма калдыктарын ачкан. Кабатталган катмарлардын ортосундагы кен тулкусунун калган камдыктары түзүмдүк планда сурьма кен тулкуларынын үстүндө жайгашкан жана "чалгындоо-эксплуатациялык шахта" шахтасы тарабынан ачылат.
7. Тереккан кени тектүү геологиялык өнөр жай тибине кирет, кен камтыган тектери кварц-полевошпат-слюда сланецы болуп саналат. Кен тулкулары линза өңдүү жана мамы түрүндөгү формага ээ. Кычкылдануу зонасы үстүңкү беттен 30 м чейинки тереңдикте байкалат. Кенде 4,73% га чейин мышьяк, кычкылдангандарда - 6,44%, сульфиддүүлөрдө - 4% камтылган.
8. Ашуу кени татаалдыктын 3-тобуна таандык. Кендин өнөр жай тиби - тектүү, кен формациясы - алтын сульфиддүү. Кендин генезиси - гидротермалдуу. Кен тулкуларынын чегиндеги баланстык кендер үзгүлтүктүү - линза өңдүү формага ээ. Сульфиддеги алтын - 85,7% жана эркин - 2,8%, флотокоцентратка алынгандар - 87,2%, кендеги мышьяк 0,98-1,95%, концентратка 86,9% алынат жана анын концентраттагы курамы 3,02-4,11% түзөт. Кычкылдануу зонасы үстүңкү беттен 30 метрге чейинки тереңдикке жетет.
Объекттер өздөштүрүүгө толук даяр. Кендин технологиялык касиеттери изилденген, 1:10000, 1:5000 жана 1:1000 масштабындагы геологиялык карталар түзүлгөн.
9. Аталган кендердин камдыктары:
Кен чыккан жер, участок | Сурьма кен, т.т. сурьма, т.т. | Алтын кен, т.т. алтын, т | Күмүш, кен, т.т. күмүш, т | |||||||||
Камдыктардын жана божомолдуу ресурстардын категориясы | Камдыктардын жана божомолдуу ресурстардын категориясы | Камдыктардын жана божомолдуу ресурстардын категориясы | ||||||||||
| В | С1 | С2 | Р1 | С1 | С2 | з/б | Р1 | С1 | С2 | з/б | Р1 |
01.01.2015-жылга карата абал боюнча Мамлекеттик баланс тарабынан каттоого алынган камдыктар | ||||||||||||
Тереккан |
|
| ||||||||||
Ашуу |
|
|
|
|
| |||||||
Терек участоктору боюнча: | ||||||||||||
Түштүк |
|
|
|
|
|
| ||||||
Катмарлардын ортосундагы кен тулкусу |
|
|
|
|
|
| ||||||
Батыш |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Түндүк |
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендердин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссиясы (КМК) апробациялаган, бирок Мамлекеттик баланс тарабынан каттоого алынбаган камдыктар (КМКнын 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 86 протоколу) | ||||||||||||
Тереккан |
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Кен чыккан жер, участок | Сурьма кен, т.т. сурьма, т.т. | Алтын кен, т.т. алтын, т | Күмүш, кен, т.т. күмүш, т | |||||||||
Камдыктардын жана божомолдуу ресурстардын категориясы | Камдыктардын жана божомолдуу ресурстардын категориясы | Камдыктардын жана божомолдуу ресурстардын категориясы | ||||||||||
| В | С1 | С2 | Р1 | С1 | С2 | з/б | Р1 | С1 | С2 | з/б | Р1 |
Автордук камдыктар жана болжолдуу ресурстар | ||||||||||||
Терек участоктору боюнча: | ||||||||||||
Чыгыш |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Биринчи май |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
Табыш-Терек сыныгынын зонасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
3. Конкурстун катышуучуларына карата негизги талаптар
10. Конкурска катышууга төмөнкүлөргө уруксат берилет:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарга;
- чет мамлекетте катталган юридикалык жактарга (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар);
- жеке жактарга - Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга.
11. Ушул Шарттардын 10-пунктунда көрсөтүлгөн жактар конкурска катышууга мүмкүндүк алуу үчүн төмөнкү талаптарга шайкеш келүүсү керек:
- геологиялык чалгындоо жана/же алтын кенин иштетүү жаатында 5 (беш) жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болуу, анын ичинде башка өлкөлөрдө иш тажрыйбасы менен;
- геологиялык чалгындоо жаатындагы илимий-методикалык негиздерди жана стандарттарды билүү жана пайдалуу кендерди чалгындоо, казуу жана иштетүүдө заманбап технологияларды колдонууга жөндөмдүү;
- кенди иштетүү үчүн зарыл болгон өздүк каражаттарга жана/же кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу.
Көрсөтүлгөн жактар өзүнүн ишинде өнөр жай коопсуздугу, экологиялык коопсуздук, кенди коргоо жана кенди сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы эл аралык стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын стандарттарын сакташы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 531-б буйругунун редакциясына ылайык)
12. Конкурстун катышуучулары конкурстук комиссиянын кароосуна Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн керектүү болгон, өздөрүнүн квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кошумча маалыматты жана документтерди берүүгө укуктуу.
4. Кенди пайдалануунун негизги шарттары
13. Кенди пайдалануунун негизги шарттары конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган жана Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна лицензия (мындан ары - лицензия) алган жактын бир катар милдеттенмелерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү аткаруусу болуп саналат:
1) конкурска катышууга тийиштүү билдирүүдө көрсөтүлгөн өлчөмдө, бирок 20000000 (жыйырма миллион) АКШ долларынан кем эмес, конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн бааны төлөө (мындан ары - конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа);
2) лицензия берилген датадан тартып 1 (бир) жылдан кеч эмес, Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү үчүн, өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча эксперттик оң корутундулар менен техникалык долбоорду даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууну камсыздоо;
3) кендерди иштетүүгө карата техникалык долбоорго баланстык камдыктарга болжолдуу ресурстарды которуу максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнү, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды, бузулган жерлерди рекультивациялоо жана тийиштүү фондду түзүү менен андан ары мониторинг долбоорун, кен мүлкүн жоюу долбоорун, эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жооп берген жер казынасын сарамжалдуу, коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон лицензиаттын башка аракеттерин киргизүү;
4) инвестиция салууну, анын ичинде ушул Шарттардын 19-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн бааны кошпогондо жана лицензияны берүү датасынан тартып алгачкы 3 (үч) жыл үчүн долбоорго ылайык банк жана финансы институттары тарабынан каржылоону тартуу аркылуу инвестиция салууну камсыздоо;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоорлордун жоболорун так сактоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды аткаруу;
6) Кыргыз Республикасында алтын аффинажын өткөрүү;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алуу укуктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо;
8) лицензияларды алган датадан тартып 2 (эки) айдан кеч эмес жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосу жана жактыруусу үчүн, жергиликтүү жамаатта жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, иштер жүргүзүлүп жаткан региондордо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштуруу, кенди иштетүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдалануу, калкты кен чыккан жерди өздөштүрүү менен байланышкан иштерди өткөрүүгө карата тартуу максатында калкты кесиптик даярдоону уюштуруу программасын камтыган социалдык пакетти (Макулдашуу) берүү. Мында алтын алуу фабрикасын (мындан ары - ААФ) куруу мезгилинде жергиликтүү коомдоштукту өнүктүрүүгө ар жылдык инвестициялардын өлчөмү акчалай эквивалент менен 15000000 (он беш миллион) сомдон төмөн болбошу керек, ал эми кийинки жылдары 20000000 (жыйырма миллион) сомдон төмөн болбошу керек;
9) кен иштетүүгө техникалык долбоорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу күнүнөн тартып 3 (үч) айдан кечиктирбей ААФты жана калдык сактоочу жайды курууга киришүү. Курулушту баштоонун мөөнөтүн бузган учурда лицензиат "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, курулушту баштоо мөөнөтүн бузуунун ар бир айы үчүн 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндө айып төлөөгө макул болот (50% - республикалык бюджетке, 30% - Чаткал районун өнүктүрүү фондуна жана 20% - Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине);
10) ААФты жана калдык сактоочу жайды көрсөтүлгөн мөөнөтүндө өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүүнү камсыздоо, ал кенди иштетүүгө техникалык долбоорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу датасынан тартып 2 жылдан ашпашы керек. Өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүү боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттөр бузулган учурда лицензиат форс-мажордук жагдайлардан тышкары, эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтүн бузуунун ар бир айы үчүн 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндө айып төлөөгө макул болот (50% - республикалык бюджетке, 30% - Чаткал районун өнүктүрүү фондуна жана 20% - Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине);
11) эксплуатациялоого киргизген датадан тартып 6 (алты) айдан кеч эмес ААФны техникалык долбоордо каралган өндүрүмдүүлүктөгү долбоордук кубаттуулугуна, бирок долбоордук кубаттуулуктан 50% кем эмес чыгуусун камсыздоо. 50 пайыздык долбоордук кубаттуулукка чыгуунун мөөнөтүн бузуу учурунда лицензиат форс-мажордук жагдайлардан тышкары пайдаланууга киргизүүнүн мөөнөтүн бузуунун ар бир айы үчүн 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндө айып төлөөгө макул болот (50% - республикалык бюджетке жана 30% - Чаткал районун өнүктүрүү фондуна жана 20% - Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине);
12) ААФны куруу убагында жана аны пайдаланууга киргизгенге чейин подряддык жана субподряддык уюмдарды эске алуу менен, лицензиаттын кызматкерлеринин жалпы санынан 30%дан көп эмес, ал эми ААФ колдонууга киргизгенден кийин - 10%дан көп эмес санда чет өлкөлүк адистерди тартуу;
13) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн, аткарылбаган жана көрсөтүлбөгөн товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудан тышкары, лицензиаттын ишмердигин камсыздоо үчүн керектүү, Кыргыз Республикасынын аймагында, белгиленген сапат стандарттарына шайкеш келген бардык товарларды (товардык-материалдык баалуулуктарды), иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруу.
14. Жер казыналарын пайдалануу укугун берүүнүн шарттары, анын ичинде жогоруда баяндалган негизги шарттар конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензияга карата лицензиялык макулдашууда бекитилет. Кенди пайдалануунун жогоруда аталган шарттарын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиздеме болуп саналат.
15. Конкурска катышууга билдирүү берүүнүн фактысы катары конкурстун катышуучусу жогоруда саналган кенди пайдалануунун негизги шарттарын тааныйт жана аларды конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензиялык макулдашууга кошууга макул болот.
5. Жыйымдын, кепилдик төгүмүнүн, баанын, салыктардын жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, төлөө тартиби жана мөөнөттөрү
16. Кыскача геологиялык маалыматтар пакети үчүн акы төлөө:
1) Комиссиянын жумушчу органы ар бир арыз ээсине кыскача геологиялык маалыматты берет. Конкурска катышуу үчүн арыз ээлери аталган геологиялык маалыматты 1677610 (бир миллион алты жүз жетимиш жети миң алты жүз он) сом өлчөмүндө акы үчүн сатып алууга милдеттүү;
2) ушул пункттун биринчи пунктчасында көрсөтүлгөн, кыскача геологиялык маалыматтар пакети үчүн акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Геология агенттиги) - ушул Шарттардын 20-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат. Геологиялык маалымат арыз ээсине анын наркын толук төлөгөндөн кийин берилет;
3) конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин ага наркы 7845325 (жети миллион сегиз жүз кырк беш миң үч жүз жыйырма беш) сом болгон (кыскача геологиялык маалыматтын наркын эсепке алганда) геологиялык маалыматтын толук пакети берилет. Бул пакеттин наркы конкурстук объектидеги жер казынасын пайдалануу укугунун түпкү баасына кошулат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 531-б буйругунун редакциясына ылайык)
17. Конкурска катышуу үчүн жыйым.
Конкурстун катышуучулары 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө же анын эквивалентинде төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча АКШ доллары менен төлөөгө милдеттүү (мындан ары - катышуу үчүн жыйым). Конкурска катышуу үчүн жыйым конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы бааны камтыбайт жана документтерди кароонун жыйынтыктарынан жана/же конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабастан кайра кайтарылбайт. Аталган каражаттар ушул Шарттардын 20-пунктунда көрсөтүлгөн, конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
18. Катышуучунун кепилдик төгүмү.
Конкурстун катышуучулары 200000 (эки жүз миң) АКШ доллары суммасында кепилдик төгүмүн төлөшү керек. Конкурстун жеңүүчүсү ушул Шарттардын 19-пунктунда каралгандай, пайдалануу укугу үчүн бааны кийин төлөгөн учурда, кепилдик төгүмү Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баага кошулат. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү ушул Шарттардын 19-пунктунда каралган мөөнөттө Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн бааны төлөбөсө, кепилдик төгүмү конкурстун жеңүүчүсүнө кайра кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 531-б буйругунун редакциясына ылайык)
19. Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа.
1) Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа 20000000 (жыйырма миллион) АКШ долларын түзгөн минималдуу чектен төмөн болбошу керек. Баа өзүнө бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө кыскача геологиялык маалыматтар пакети үчүн бааны камтыйт. Бонусту жана жер казынасы жөнүндө кыскача геологиялык маалыматтар пакети үчүн бааны эсептен чыгаруу менен жалпы сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа бир жолку жана кайра кайтарылбоочу төлөм болуп саналат;
2) конкурстун жеңүүчүсү ал сунуштаган Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн бааны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими жарыяланган датадан тартып 30 жумушчу күндүн аралыгында төлөөгө милдеттүү.
20. Төлөө үчүн реквизиттер.
Геологиялык кыскача маалыматтардын пакети үчүн төлөө, конкурска катышуу үчүн жыйым, кепилдик төгүмү, ошондой эле тийиштүү дайындоону көрсөтүү менен конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа Геология агенттигинин алыш-бериш эсебинин төмөндөгү реквизиттерине төлөнүшү керек:
Алуучу: Бишкек шаарынын Октябрь РКБ
Банк: "РСК-Банк" ААКнын Октябрь филиалы
БИК 129053
Алыш-бериш эсеби: 1290534132810077
Өздүк эсеп: 4402032100002327
Төлөмдү дайындоо: [Геология агенттигинин өздүк эсебине геологиялык маалыматтардын кыскача пакети үчүн төлөө]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине конкурска катышуу үчүн жыйым]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү]/[Геология агенттигинин өздүк эсебине жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөө (Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа)].
21. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.
6. Конкурстун этаптары жана конкурстун катышуучулары берүүчү документтер
22. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучуларынын документтерин кабыл алууну жана аларды экинчи этапка өткөрүү же өткөрүүдөн баш тартуу максаттарында, алар берген документтердин ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигин баалоону ишке ашырат. Экинчи этапта конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабына өткөрүлгөн, конкурстун катышуучулары берген документтерди кабыл алууну жана алардын ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигине баалоо жүргүзүү ишке ашырылат жана белгиленген чен белгилерге ылайык конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт.
23. Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары конкурс өткөрүү жөнүндө расмий басма органдарында кулактандырууну жарыялаган учурдан тартып 15 календардык күндөн кечиктирбей 2 (эки) нускада төмөндөгү документтерди Геология агенттигине төмөнкү дарек боюнча беришет: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 217кабинет:
1) 1-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынын атына конкурска катышууга билдирүү;
2) геологиялык кыскача маалыматтардын пакети үчүн төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
3) конкурска катышуу үчүн жыйымды төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
4) кепилдик төгүм төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.
Мөөр басылган конвертте төмөндөгү документтер дагы берилет:
а) Кыргыз Республикасында катталган (кайра катталган) юридикалык жактар үчүн, - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана өз мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставынын жана уюмдаштыруу келишиминин көчүрмөлөрү;
б) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюмдаштыруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, ошондой эле мамлекеттик реестрден апостилденген же легалдаштырылган көчүрмөсү же ал өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналаарын күбөлөндүрүүчү башка документ. Чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан чет тилде берилген уюмдаштыруучу документтер жана каттоо жөнүндө күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилиши керек. Мамлекеттик реестрден же юридикалык жак өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштегендигин күбөлөндүрүүчү, башка документтерден көчүрмөлөрдүн колдонуу мөөнөтү аталган документтерди берүү күнүнөн тартып 6 (алты) айдан ашпашы керек.
Эскертүү: Документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт:
- Кыргыз Республикасынын Гаага Конвенциясына кошулуусуна байланыштуу каршылык билдирген катышуучу өлкөлөрдөн тышкары, 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талаптарын жокко чыгарган конвенцияга ("Гаага Конвенциясы") катышуучу өлкөлөр үчүн, жана
- 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга катышуучу өлкөлөр үчүн ("Кишинев Конвенциясы");
в) жеке жактар үчүн - паспортунун көчүрмөсү жана жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк. Чет өлкөлүк жеке жактар нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге которулган паспортунун көчүрмөсүн кошумча беришет;
г) 2-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурстун катышуучуларынын ээлери жана/же бенефициарлары болуп саналган жактарды аныктоочу маалыматтар жана документтер;
д) юридикалык жактын жетекчисинин же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер;
е) 3-тиркемеге ылайык форма боюнча төмөндөгүлөр жөнүндө кат түрүндөгү милдеттенме:
- конкурстун катышуучусу аны конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда ушул Шарттар менен каралган бардык айыптарды төлөөгө макул болот;
- конкурстун катышуучусу аны конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда, ал сунуштаган Конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн баа кайтарылбас төлөм болуп саналаарына макул болот;
- конкурстун катышуучусу өзүнүн ишинин жыйынтыгында курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтурууга жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуулардын натыйжасында келтирилген болсо, курчап турган чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө макул болот.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 531-б буйругунун редакциясына ылайык)
24. Конкурстун катышуучусу документтерди конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун биринчи этабынын алкагында катышууга көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмесин камтыган бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен ажыратылып, конверттин ичиндеги бардык беттери номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет. Документтерди чет тилдерде берүү учурунда аларга карата нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормолору тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилде берилген документтерди карайт. Конкурстун катышуучусу тарабынан берилген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор документтерди кабыл алуу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин кабыл алынбайт. Берилген документтер кайра кайтарууга жатпайт жана Геология агенттигинде сакталат.
25. Документтер салынган конверттерди ачуу документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кийинки жумушчу күнү конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталыштары жана алар берген документтердин беттеринин саны көрсөтүлөт. Конкурстук комиссия конверттерди ачкан учурдан тартып 5 жумушчу күндүн аралыгында берилген документтерди карайт жана конкурстун катышуучуларынын конкурстун экинчи этабына катышуусуна өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстун катышуучулары берген документтер ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда экинчи этапка катышууга өткөрүлөт. Берилген документтердин тизмегине, түрүнө жана формасына карата талаптарга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда конкурстук комиссия протокол түрүндө таризделген кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.
26. Конкурстук комиссиянын экинчи этапка өткөрүү жөнүндө же өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында, ошондой эле башка расмий басылмаларда жарыяланат.
27. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка өткөрүлгөн конкурстун катышуучулары, өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 календардык күндөн кечиктирбей Геология агенттигине мөөр басылган конверт менен: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 217 кабинет дареги боюнча төмөндөгү документтерди беришет, алар:
1) өзүнө төмөндөгүлөр боюнча сунуштарды (болжолдуу) камтыган, Тереккан, Ашуу жана Терек алтын алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү программасы:
- капиталдык салымдарга, эксплуатациялык чыгымдарга жана долбоордун кирешелүүлүгүнө байланыштуу техникалык-экономикалык эсептөөлөр;
- болжолдонгон ресурстарды өнөр жайлыкка которуу максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү программасы;
- кен казынасын пайдаланууга укуктарды алгандан кийин, пайдалуу кен чыккан жерлерди пайдаланууга киргизүүнүн эң кыска мөөнөтү;
- пайдалуу казындыларды чалгындоодо, казууда жана кайра иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу;
- бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чаралар;
- керектүү инвестициялардын эсеби;
2) акыркы 5 (беш) жылдан кем эмес мезгилде алтын кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо жана иштетүү жаатындагы иш тажрыйбасы бар экенин күбөлөндүргөн маалыматтар жана документтер;
3) баштапкы капиталдык салымдар үчүн өздүк каражаттардын болушу жөнүндө жана/же финансы ресурстарын тартуу мүмкүндүгү жөнүндө ырастоо жана башка ушул сыяктуу документтер;
4) жергиликтүү жамаатты жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, иштер жүргүзүлүп жаткан региондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштуруу, кенди иштетүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдалануу, калкты кен чыккан жерди өздөштүрүү менен байланышкан иштерди өткөрүүгө карата тартуу максатында калкты кесиптик даярдоону уюштуруу программасын камтыган "Социалдык пакет" боюнча сунуштар;
5) ушул Шарттардын 19-пунктунда көрсөтүлгөн, минималдуу наркынан төмөн эмес, конкурс объектисинин кен казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны сунуштоо;
6) юридикалык жактын - келечектеги лицензиаттын уставдык капиталындагы катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына акысыз берүү боюнча сунуш;
7) конкурстун катышуучусунун Тереккан, Ашуу алтын жана Терек алтын-сурьма кендерин (17-блоктон сырткары) иштетүү үчүн керектүү болгон квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бардык кошумча маалыматтар жана документтер.
28. Экинчи этапка өткөрүлгөн конкурстун катышуучусу конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун экинчи этабында катышуунун алкагында документтерди берүү жөнүндө көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмесин камтыган документтерди бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен ажыратылып, конверттин ичиндеги бардык беттери номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет. Документтер чет тилде берилген учурда алардын нотариуста күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору тиркелиши керек. Документтерди кабыл алуу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин конкурстун катышуучусу тарабынан берилген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайра берилбейт жана Геология агенттигинде сакталат.
29. Документтер бар конверттерди ачуу документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийинки жумушчу күнү конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталыштары жана даректери, алар берген документтердин барактарынын саны жана конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баа көрсөтүлөт. Конкурстун катышуучулары конверттерди ачууда катышууга укуктуу.
30. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий сайтында жарыяланат.
7. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун критерийлери
31. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 (беш) жумушчу күндүн аралыгында конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карайт, конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат. Конкурстун катышуучулары берген документтерди кароодо конкурстук комиссия берилген документтердин алкагында кошумча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
32. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматтарды баалоо аркылуу аныкталат. Документтерди баалоо упай тутумунда төмөндөгү чен белгилер боюнча конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт:
№ | Критерийдин аталышы | Упайлар |
1 | Тереккан, Ашуу алтын жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү боюнча берилген программасынын сапаты, анын ичинде анын ушул Шарттарда белгиленген талаптарга шайкештиги | 5 упайга чейин |
2 | Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча берилген программанын сапаты, анын ичинде анын ушул Шарттарда белгиленген талаптарга шайкештиги | 3 упайга чейин |
3 | Кендерди иштетүү үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөр (жеке жана тартылган каражаттар) | 3 упайга чейин |
4 | Ушул Шарттардын 13-пунктунун 8-пунктчасында көрсөтүлгөн суммадан сырткары социалдык пакетке бөлүнүүчү финансылык каражаттардын көлөмү (суммасы) | 3 упайга чейин |
5 | Жер казынасын пайдалануу укугун алгандан кийин кенди эксплуатацияга киргизүүнүн эң жакынкы мөөнөтү | 18 айга чейин - 5 упай, 30 айга чейин - 2 упай |
6 | ААФ куруу | ААФ - 5 упай, Бириккен ААФ - 20 упай |
7 | Ашуу жана Тереккан кенинде технологиялык жолдорду куруу | 12 айга чейин - 6 упай; 6 айга чейин - 10 упай |
8 | Электр берүү линиясын (ЭБЛ) куруу | 6 айга чейин - 10 упай; 12 айга чейин - 5 упай |
9 | Кыргыз Республикасына юридикалык жактын - келечектеги лицензиаттын уставдык капиталына катышуу үлүшүн акысыз берүү | ар бир 10 пайыз үчүн - 10 упай |
Эскертүү: конкурска 100% мамлекеттин менчигиндеги юридикалык жак катышкан учурда, № 9 критерий боюнча упайлар чет өлкөлүк инвестор менен биргелешип иштөө жөнүндө макулдашууга жараша аныкталат.
33. Ар бир катышуучуга карата конкурстук комиссия тарабынан катышуучу ар бир критерий боюнча алган упайларды жана катышуучунун жалпы упайын көрсөтүү менен, упайларды эсептөө протоколу түзүлөт.
34. Катышуучулардын бардык сунуштарын талдоонун жана белгиленген критерийлер боюнча упайларды аныктоонун негизинде комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн натыйжасы жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алат.
35. Конкурстун жеңүүчүсү катары баарынан көп санда упай топтогон катышуучу таанылат. Эки жана андан көп катышуучуда упайлар тең чыкканда, комиссиянын төрагасы ачык добуш берүү процедурасын дайындайт. Добуш берүү ар бир катышуучу боюнча өзүнчө өткөрүлөт. Мында комиссиянын ар бир мүчөсү өзүнүн добушун бир катышуучу үчүн гана берүүгө укуктуу. Баарынан көп добуш алган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Эгерде эки жана андан көп катышуучу үчүн бирдей добуштар берилип калса, анда мындай катышуучулар боюнча биринчи турдун эрежелери боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталганга чейин добуш берүүнүн кошумча туру өткөрүлөт. Комиссиянын мүчөлөрү добуш берүүдөн карманууга укугу жок. Добуш берүүнүн бардык турларында, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең чыкканда, конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
36. Конкурстук комиссиянын чечими жазуу түрүндө таризделет, конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү тарабынан кол коюлат жана конкурстун катышуучуларын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими расмий басма органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланат.
37. Конкурстук комиссиянын протоколдору эгерде ага конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү кол койсо жарактуу деп эсептелет.
38. Конкурстук комиссиянын чечими конкурстун жеңүүчүсүнө Тереккан, Ашуу алтын жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны берүү үчүн негиз болот. Лицензияларга карата лицензиялык макулдашуулар конкурсту өткөрүүдө белгиленген шарттарды камтышы керек.
39. Конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылган учурда, лицензиялар конкурстун жеңүүчүсү - чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан Кыргыз Республикасында Терексай кендер тобунун жайгашкан жеринде түзүлгөн жана катталган туунду компаниясына берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жакты түзүүчү туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жакты конкурстун жеңүүчүсү деп жарыялаган күндөн тартып бир айдан кечикпей катталышы керек. Түзүлгөн туунду компания юридикалык жакта - лицензиатта катышуу Кыргыз Республикасына акысыз бергенден башка учурларда 100% чет өлкөлүк юридикалык жакка - конкурстун жеңүүчүсүнө таандык болушу керек.
40. Лицензия конкурстун жеңүүчүсүнө ал сунуштаган конкурс объектисинин кен казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны төлөгөндөн кийин, 5 жумушчу күндүн ичинде берилет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү катары чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, анда лицензияны берүү (а) ал сунуштаган конкурс объектисинин кен казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны төлөп жана (б) Кыргыз Республикасынын аймагында Тереккан, Ашуу алтын жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасынын жайгашкан жерде чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясын каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы же нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилгенден кийин, көрсөтүлгөн даталардын кайсынысы кеч болооруна жараша, 5 жумушчу күндүн ичинде берилет.
41. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса же ал конкурс объектисинин жер казыналарын пайдалануу укугу үчүн өзү сунуш кылган бааны белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, конкурстун жеңүүчүсү лицензия алууга укукту жоготот жана конкурстун жеңүүчүсү болуп башка катышуучуларга карата баш тарткан жеңүүчүдөн кийин көп санда упай топтогон же конкурстук комиссия тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, кошумча добуш берүүдө баарынан көп добуш алган катышуучу таанылат.
8. Конкурсту токтотуу жана өткөн жок, жараксыз деп таануу
42. Массалык маалымат каражаттарында конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланганга жана конкурстук комиссия тарабынан жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурсту токтотууга укуктуу. Мындай учурда конкурстук комиссия таратылууга тийиш. Эгерде жарыялангандан кийин конкурс болбой калса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстук комиссияны таратууга жана жаңы конкурстук курам менен жаңы конкурс жарыялоого укуктуу.
43. Конкурска катышууга өтүнмөлөр жок болгондо же эгерде конкурска катышуу үчүн бир катышуучудан гана өтүнмө келип түшсө, же эгерде конкурстун бардык катышуучулары тарабынан берилген документтер конкурстун катышуучуларына карата негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, конкурс протокол менен таризделүүчү жана расмий басма сөз органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыялануучу конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде өткөн жок деп таанылат.
44. Конкурстун катышуучусу конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин конкурска катышууга өзүнүн өтүнмөсүн кайра алууга укуктуу. Мында конкурска катышуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү жыйым жана 1677610 (бир миллион алты жүз жетимиш жети миң алты жүз он) сом өлчөмүндөгү кыскача геологиялык маалымат пакети үчүн акы кайра берилбейт, ал эми кепилдик төгүмү кайра берилүүгө тийиш.
Сурап-билүү үчүн телефондор: (+996 312) 30-03-71, 30-02-46.
Бул маалымат менен Геология агенттигинин расмий веб-сайтынан таанышууга болот: www.geology.kg
|
| Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине 1-тиркеме |
Форма
Конкурска катышууга ТИПТҮҮ ӨТҮНМӨ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 531-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мен, ________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
_____________________________________________________________________________
(ким экендигин тастыктаган документ)
_____________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким жана качан берген)
атынан чыгып
_____________________________________________________________________________
(толук аталышы, каттоо номери, датасы жана каттаган орган,
_____________________________________________________________________________
юридикалык жактын дареги, банк реквизиттери)
____________________________________________________________________ негизинде
аракеттенүү менен
_____________________________________________________________________________
(кызмат адамына аракеттенүүгө негиз болгон документ, эгер өкүл ишеним
_____________________________________________________________________________
кат боюнча аракеттенсе - анда ишеним каттын реквизиттери)
Ишеним кат боюнча:
Мен,
_____________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
_____________________________________________________________________________
(ким экендигин тастыктаган документ)
_____________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким жана качан берген) жашаган дареги:
_____________________________________________________________________________
(шаар, айыл, көчө, үйдүн же батирдин №)
Ушуну менен:
_____________________________________________________________________________
(орду жана убактысы)
жер казынасынын _____________________________________________________________
объекттери үчүн ________________________________________________ лоттор боюнча
өтүүчү конкурска катышуу ниетимди билдирем.
Бул ниетке ылайык мен төмөнкү төгүмдөрдү төлөдүм:
1. Кыскача географиялык маалымат үчүн 1677610 (бир миллион алты жүз жетимиш жети миң алты жүз он) сом өлчөмүндөгү төлөм;