Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-октябры № 486-б
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо үчүн техникага болгон муктаждыктарын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептеринде топтолгон 120500000 (жүз жыйырма миллион беш жүз миң) сом суммасындагы Кытай Эл Республикасынын гранты боюнча кайтарылуучу финансы каражаттарын "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Айыл Банк" ААК) айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникасын лизингге берүү боюнча өзүнчө кредиттик линия ачуу үчүн төмөнкү шарттарда берсин:
- кредиттин мөөнөтү - 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен 20 жыл;
- пайызсыз жана күрөөсүз негизде;
- төлөөнүн мезгилдүүлүгү - бир жылда 2 жолу, бирдей үлүштө, 15-июнда жана 15-декабрда;
- финансылык санкция мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан 0,01 пайыз;
б) ушул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн шарттарда айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникасын лизингге берүү боюнча кредиттик линия ачуу үчүн "Айыл Банк" ААКга 121200000 (жүз жыйырма бир миллион эки жүз миң) сом суммасындагы Япония Өкмөтүнүн гранттары боюнча кайтарылуучу финансы каражаттарын берүү жөнүндө Япония Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
2. "Айыл Банк" ААКга айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникасын (дан, тоют, жүгөрү жыйноочу комбайндар, кызылча, төө буурчак жыйноочу жана чөп жыйноочу машиналар) төмөнкү шарттарда лизингге берүү боюнча өзүнчө кредиттик линия түзүү сунушталсын:
- лизингдин мөөнөтү - 10 жылга чейин;
- пайыздык ставка - жылдык 6 пайыз;
- биринчи минималдык салымдын өлчөмү - наркы төгүлгөн сумма менен лизинг предметинин наркынын ортосундагы айырмага барабар өлчөмдөгү күрөө менен лизинг предметинин наркынан 10 пайыздан 30 пайызга чейин;
- лизинг алуучу тарабынан алынуучу техниканын наркынын 30 жана андан ашык пайызы биринчи салым катары төлөнсө, кошумча күрөөлүк мүлк берилбей, кредитти төлөөнүн кепилдиги болуп лизинг предметинин өзү эсептелет;
- лизингге алынган техниканы камсыздандыруу келишимин түзүүнү лизинг алуучунун макулдугу менен ыктыярдуу негизде жүргүзүү;
- финансылык санкция мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына 0,01 пайыз өлчөмүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге "Айыл Банк" ААКдан айыл чарба техникасын лизингге алуу боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн өтүнмөлөрдү чогултууга көмөк көрсөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |