КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-октябры № 500-б
Панфиловка - Орто-Арык автомобиль жолунун участкасын капиталдык оңдоону аяктоо максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 66-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "узундугу 800 метр болгон участогуна" деген сөздөр жана цифралар "узундугу 1 км болгон участогуна, жөө жүрүүчүлөр жолуна жана автотоктотмого" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |