Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-октябры № 491-б
Өнүктүрүүнүн региондук экономикалык борборлорун-шаарларын түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу, ошондой эле 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жана 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программада белгиленген максаттарга жетишүү жана милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Шаарлар - региондук өнүктүрүүнүн башаты (баскычы)" программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Өкмөттүк комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия:
- эки жумалык мөөнөттө аларды келечекте социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарын жана инновациялык моделдерин аныктоо максатында Облустук жана райондук маанидеги пилоттук шаарларды комплекстүү иликтөө боюнча комиссиянын иш планын төмөнкү иш-чараларды кошуу менен иштеп чыксын жана бекитсин:
региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерине талдоо жана Кыргыз Республикасы донор-өлкөлөрдөн жана эл аралык финансы институттарынан алган финансылык жана техникалык жардамдарынын натыйжалуу пайдаланылышына региондор боюнча баалоо жүргүзсүн;
"Шаарлар - региондук өнүктүрүүнүн башаты (баскычы)" программасынын долбооруна киргизүү үчүн облустук жана райондук маанидеги пилоттук шаарларды тандоо критерийлерин иштеп чыксын;
"Шаарлар - региондук өнүктүрүүнүн башаты (баскычы)" программасынын долбооруна киргизүү үчүн Пилоттук шаарлардын тизмегинин долбоорун иштеп чыксын;
- үч айлык мөөнөттө "Шаарлар - региондук өнүктүрүүнүн башаты (баскычы)" программасынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте "Шаарлар - региондук өнүктүрүүнүн башаты (баскычы)" программасынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Комиссияга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди тартуу менен жумушчу жана эксперттик топторду түзүүгө укук берилсин.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) Комиссиянын ишине максималдуу көмөк көрсөтүшсүн жана ага зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды беришсин.
6. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
"Шаарлар - региондук өнүктүрүүнүн башаты (баскычы)"
программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Өкмөттүк комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Өкмөттүк комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору.