Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 13-октябры № 507-б
Транспорт инфраструктурасын жана автомобиль жолдорунун сапатын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун ремонттоого зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүп берсин:
узундугу 1,1 км Ахунбаев көчөсүнөн түштүк ЧЧКга чейин Бишкек - Кой-Таш - Ысык-Ата автомобиль жолуна;
Бишкек шаарынын узундугу 0,3 км Ауэзов көчөсүнөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын Жеңиш проспектисине чейинки Сельская көчөсү автомобиль жолунун участогуна чейин;
Бишкек шаарынын узундугу 1,1 км Бах көчөсүнөн Батыш көрүстөнүнө чейинки автожолунун участогуна;
- көрсөтүлгөн объекттерди 2015-жылдагы капиталдык салымдардын эсебинен каржылануучу мамлекеттик курулуштардын жана объекттердин тизмесине киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолдорунун участокторун капиталдык ремонттоонун долбоордук-сметалык документтерин бекитсин;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келишимдерди түздөн-түз түзүү методу менен зарыл болгон сатып алууларды жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |