Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 13-октябры № 508-б
2016-жылы Кыргыз Республикасында Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчылар кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу кеңешинин Мамлекет башчылар кеңешинин кезектеги отурумун даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо, ошондой эле Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата -Корумду автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча иш-чараларды өз убагында жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине узундугу 104 км болгон Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автомобиль жолун (мындан ары - автомобиль жолу) реконструкциялоо үчүн керектүү сумманы бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти (мындан ары - Департамент) автомобиль жолунун участогун долбоорлоо жана реконструкциялоо боюнча заказчынын функциясын ишке ашыруучу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Департамент:
- автомобиль жолунун участогун реконструкциялоого долбоордук-сметалык документтерди бекитсин:
- керектүү сатып алууларды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тикелей келишимдерди түзүү методу менен жүргүзсүн;
- Департаменттин алдында автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча долбоорду ишке ашыруучу топту түзсүн;
- автомобиль жолун реконструкциялоодо аны: Балыкчы - Тамчы, Тамчы - Чоң-Сары-Ой, Чоң-Сары-Ой - Бактуу-Долоноту, Бактуу-Долоноту - Корумду участокторуна бөлсүн;
- көрсөтүлгөн автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча жумушту параллель долбоорлоо менен аткарсын;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча мамлекеттик экспертизанын өз убагында жасалышына көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору автомобиль жолун реконструкциялоодо "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" жана "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер бөлүү маселесин чечүүгө жардам көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 13-октябры № 508-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 744-т тескемесинин редакциясына ылайык)

- жаңы техникалык чечимдерди жана участок боюнча бааларды колдонуу менен подрядчыны тандоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүү аркылуу "Лонг Хай" Циндао жолдор жана көпүрөлөр корпорациясы жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен подряд келишиминен Чолпон-Ата шаарынын аймагы боюнча өтүүчү 77,5тен 81,3 километрге чейинки Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автомобиль жолунун бөлүгүн чыгарсын.