Редакцияот 27.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 27-октябры № 530-б

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын кызматкерлери үчүн 2015-жылдын 31-октябры Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын агент-банктарына 2015-жылдын 31-октябрын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

 

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев