Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-октябры № 531-б
Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 459-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлеринде:
- 11-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- геологиялык чалгындоо жана/же алтын кенин иштетүү жаатында 5 (беш) жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болуу, анын ичинде башка өлкөлөрдө иш тажрыйбасы менен;";
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин ага наркы 7845325 (жети миллион сегиз жүз кырк беш миң үч жүз жыйырма беш) сом болгон (кыскача геологиялык маалыматтын наркын эсепке алганда) геологиялык маалыматтын толук пакети берилет. Бул пакеттин наркы конкурстук объектидеги жер казынасын пайдалануу укугунун түпкү баасына кошулат.";
- 18-пункттун экинчи абзацындагы "2000000 (эки миллион)" деген цифралар жана сөздөр "200000 (эки жүз миң)" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пункттун экинчи абзацындагы "30" деген цифралар "15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1-жобонун 1-пунктундагы "алдын ала" деген сөз "кыскача" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 277-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 459-б буйругу менен бекитилген Шарттарга жана тартипке ылайык Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна белгиленген тартипте кайталап конкурс өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын, Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурма кенин (17-блоктон сырткары) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга кайталанган конкурс өткөрүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу берсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |