Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-ноябры № 498
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү 1-тиркемеге ылайык;
- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 15-майындагы № 162 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик жана контролдоо жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген органдардын иштерин координациялайт.
Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо; конституциялык түзүлүштү сактоо, ошондой эле улуттук коопсуздук боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
Юстиция, тышкы саясатты ишке ашыруу маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, бюджеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин жалпы координациялайт.
Коргоо, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялайт.
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча иштерди координациялайт.
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарын жана прекурсорлорду жүгүртүү, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча иштерди координациялайт.
Кызматтык кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын иштерин координациялайт.
Жазаларды аткаруу тутумунун маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруучу жана коргоочу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт.
Чек аралык контролдоо, мамлекеттик чек ара режимин бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуу маселелерин координациялайт.
Соттордо Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.
Мыйзамдуулуктун, жарандардын эркиндигинин жана укуктарынын сакталышын камсыз кылат.
Диний экстремизмге каршы аракеттенүү, жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирген же коркунуч келтирген диний уюмдардын иштерине бөгөт коюу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Шанхай кызматташтык уюму, эл аралык финансылык-насыялык мекемелер менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүүнү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү, жер реформасын, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, суу ресурстарын башкаруу чөйрөлөрүндөгү саясатты жүргүзүүнү, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылат.
Калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин координациялайт.
Транспорт жана коммуникациялар; байланыш; автомобиль жана темир жолдорун оңдоо жана күтүү; мамлекеттик жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо, сактоо жана пайдалануу маселелерин координациялайт.
Региондук өнүктүрүү; курулуш; турак жай-коммуналдык чарба; экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин координациялайт.
Этностор аралык мамилелер, республиканын административдик-аймактык түзүлүш тутумун реформалоо; жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иши, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу бөлүгүндөгү иштеринин маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо, демаркациялоо жана чек аралык аймактарды өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу жана мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдардын сакталышын чек ара маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат.
Мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин жана чек ара чектеш аймактарды өнүктүрүүнү координациялайт.
Трансчекаралык дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялайт.
Мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жагында административдик реформаларды жүргүзүү маселелерин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштырууну координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.

Экономиканы өнүктүрүүнү талдоо, болжолдоо жана пландоо; тышкы экономикалык иш; инвестицияларды тартуу; өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу; техникалык жөнгө салуу; инвестициялык, финансылык, тарифтик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу; монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү; финансы рыногун өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу маселелерин, салыктар, бажы, салыктык эмес төлөмдөр жана жыйымдар чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча ишти, тейленүүчү чөйрөлөрдөгү тармактык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну координациялайт.
Мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдордун иштерин; эркин экономикалык аймактардын иштөө маселелерин координациялайт.
Фискалдык саясатты иштеп чыгууну координациялайт.
Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгууну координациялайт.
Өнөр жай, мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясаты, отун-энергетикалык комплекси маселелерин координациялайт,
Жер казынасын жана минералдык ресурстарды пайдалануу маселелерин координациялайт.
Лицензиялык-уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды баалоо боюнча мониторинг, аналитикалык жана маалыматтык иштер, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу, электрондук башкарууну киргизүү маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери, Евразия экономикалык комиссия, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер, Экономикалык кызматташтык уюму, ошондой эле башка өлкөлөр, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташууну камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Социалдык саясат; социалдык кепилдиктер жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумдары; пенсиялык камсыздоо; миграция; эмгек, ишке орноштуруу; үй-бүлө, балдар, жаштар; санитардык көзөмөл; билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү саясат; этностук өнүктүрүү; гендердик саясат; маданиятты өнүктүрүү; басма сөз жана телерадиоберүү; маалыматтык саясат; 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдик берүү жана колдоо; жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо иштери боюнча маселелерди координациялайт.
Интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоо маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.

2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдордун.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;
"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн;
"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн;
"Эркин Тоо" гезитинин;
Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын.
КР Премьер-министринин 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 191 буйругуна ылайык күчүн жоготту