Редакцияот 21.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 21-октябры № 523-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан № 50 мекемесинде 2015-жылдын 11-октябрында болгон инциденттин натыйжасында кызматтык милдеттерин аткарууда жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 50 мекемесинин төмөнкү кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200 000 (эки жүз миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына бөлүнсүн:

- курман болгон Омурзаков Таалайбек Аскаровичтин үй-бүлөсүнө -50 000 (элүү миң) сом;

- курман болгон Садыбакасов Туратбек Бектеновичтин үй-бүлөсүнө  -50 000 (элүү миң) сом;

- курман болгон Орозобек уулу Фархаттын үй-бүлөсүнө - 50 000 (элүү миң) сом;

- жарадар болгон Абылгазиев Тилек Абылгазиевичтин үй-бүлөсүнө  -50 000 (элүү миң) сом.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев