Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-ноябры № 569-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 15-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча коммерциялык конкурсту мыйзамдарда белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги менен бирге эки жумалык мөөнөттө конкурстун шарттарын, милдеттенмелердин тизмегин, ошондой эле милдеттенмелерди ишке ашыруунун мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыксын;
- "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча коммерциялык конкурсту өткөрүү үчүн ушул пункттун 3-абзацында аталган документтерди белгиленген тартипте бекитсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругунун редакциясына ылайык)
2015-жылдын 23-ноябры № 569-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 15-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча коммерциялык конкурсту мыйзамдарда белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн;
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча аукционду мыйзамдарда белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн;
- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)