Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 14-октябры № 509-б
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жана тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча кошумча каралган каражаттан 35 (отуз беш) миллион сом суммасындагы каражатты Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын ирригациялык системасынын Ак-Тепкир жана Терек-Талаа каналдарын реабилитациялоого Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине бөлсүн.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |