Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 19-ноябры № 563-б
Ак ниет эмгеги, айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Джолдошев Искендер Алымкулович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин техникалык саясат жана инвестициялар бөлүмүнүн начальниги; |
Сокеев Алмаз Темурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин Суу чарба объектилерин куруу боюнча дирекциясынын директору. |
Премьер-министр | Т.А. Сариев |