КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 26-ноябры № 574-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык:
Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогун, анын ичинде өткөрүү пунктунан сырткары техникалык жана инженердик жабдуу боюнча жардам көрсөтүү жөнүндө Россия Федерациясынын Мамлекеттик чек арасын түзүү боюнча федералдык агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ортосундагы макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |