Редакцияот 02.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 2-декабры № 583-б

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабын 2016-жылы финансылык, материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети аркылуу жүргүзүлөрү белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын керектөөлөрүн 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетине бекитилген бюджеттин алкагында, бюджеттин киреше бөлүгүнө негизденүү менен каржыласын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев