Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-декабры № 581-б
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- төмөнкү аймактарда жайгашкан гидротехникалык курулмалардын комплексин жана каналдардын участокторун мамлекеттик менчикке кабыл алсын:
Жалал-Абад облусундагы:
Чоң Наманган каналынын 12,9 км;
Чуст каналынын 14,5 км жана бул каналдан тараган 7,05 км тилкесин;
Ош облусундагы:
Керкидон суу сактагычына кошумча суу берүүчү каналдын 12 км;
Савай каналынын 28 км;
Баткен облусундагы:
Сох-Шахимардан каналынын 12 км;
Лаган каналынын 11,2 км;
- аталган объекттерди Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
- алардын сакталышын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттердин баланстык наркын бааласын;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди оперативдүү башкаруу укугун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине белгиленген тартипте каттасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетине жана 2017-2018-жылдарга болжолуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди күтүүгө 26,4 млн. сом суммасындагы чыгашаларды эске алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү уюштуруу чараларын көрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди пайдаланышына көмөк көрсөтүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз компетенциясынын чектеринде ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди коргоону камсыз кылсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |