Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-декабры № 580-б
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында жана Сүлүктү шаарынын аймагында жайгашкан узундугу 44,7 км тар колеялуу темир жол участогун (мындан ары - объект) мүлктүк комплекси менен бирге мамлекеттин менчигине алсын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти ыкчам башкарууга кабыл алсын;
- анын сакталышын камсыздасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максаттуу багыты боюнча пайдалансын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттин наркын баалоону жүргүзсүн;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн;
- 2015-жылга жана андан кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен каралган каражаттардын чегинде ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти каржылоону жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти ыкчам башкаруу укугун белгиленген тартипте каттасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти эксплуатациялоого берүүдө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өз компетенцияларынын чегинде ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти коргоону камсыздасын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |