Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 3-декабры № 571
Кыргыз Республикасындагы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (мындан ары - ЕККУ) долбоорлорун тандап алуу, ишке ашырылышын мониторингдөө жана натыйжалуулугуна баа берүү, ошондой эле Бишкек шаарындагы ЕККУнун борборунун программалык иш маселелери боюнча бирдиктүү позицияны түзүү максатында:
1. Бишкек шаарындагы ЕККУнун борборунун программалык багыттарын, жылдык жыйынтык бюджетин жана долбоордук ишин кароо жана макулдашуу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн курамындагы ведомстволор аралык жумушчу топ (тиркемеге ылайык) түзүлсүн.
2. Бишкек шаарындагы ЕККУнун борборунун жылдык бюджети жана долбоорлору, ишинин негизги багыттары - жылдык программалык багыттары боюнча алардын түзүлүшүнө жараша, өткөн жылдагы ишинин анализин эске алуу менен ведомстволор аралык жумушчу топ изилдеп жана сунуштарын иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин координацияласын жана Бишкек шаарындагы ЕККУнун борборунун жылдык бюджети жана долбоорлору, ишинин негизги багыттары - жылдык программалык багыттары боюнча консолидацияланган сунуштарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына макулдашууга киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен макулдашылган Бишкек шаарындагы ЕККУнун борборунун жылдык бюджети жана долбоорлору, ишинин негизги багыттары - жылдык программалык багыттары боюнча сунуштарды Бишкек шаарындагы ЕККУнун дипломатиялык каналдары боюнча жиберсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор:
- ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине өздөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздашсын.
- мониторинг жүргүзүшсүн жана жылдын жыйынтыгы боюнча ЕККУнун ишке ашырган долбоорлорун талдап чыгышсын;
- жыл сайын 15-октябрга карай ар бир долбоор боюнча жетишилген натыйжалар жана майнаптуулукту баалоо менен тийиштүү отчетту Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жалпылоо үчүн жөнөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердикти жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эл аралык кызматташтык, гуманитардык жардам жана маалымат башкармалыгынын эл аралык кызматташтык жана маалымат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык-укуктук кызматташтык бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин уюштуруучулук иштер жана жергиликтүү башкаруу органдары башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын эл аралык бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын уюштуруу-инспектордук жана укуктук иштер бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын окутуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аналитика бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын эл аралык кызматташтык кызматынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы кесиптик жана кинологиялык даярдоо борборунун начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын эл аралык кызматташтык секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын эл аралык кызматташтык жана протокол секторунун башкы инспектору;
Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин эксперти.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаарындагы ЕККУнун борборунун программалык багыттарын, жылдык жыйынтык бюджетин жана долбоордук ишин кароо жана макулдашуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ