Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 13-октябры № 503-б
Чүй облусунун Жайыл районунун Тунук айылында Суусамыр суусу аркылуу өтүүчү автожол көпүрөсүн куруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Чуй облусунун Жайыл районунун Тунук айылында Суусамыр суусу аркылуу өтүүчү автожол көпүрөсүн куруу үчүн кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдааддар министрлигине 4 000 000 (төрт миллион) сом бөлсүн;
- жогоруда аталган көпүрөнүн курулушун бүтүрүү үчүн республикалык бюджетте 2016-жылга каражат карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган көпүрөнүн курулушун ишке ашырып, объектти 2016-жылдын III кварталында бүтүрсүн;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |