Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-декабры № 590-б
"Шабдан баатыр" эки сериялуу көркөм фильмин тартууну уюштурууда Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясына (мындан ары - "Кыргызфильм" киностудиясы) мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги "Шабдан баатыр" эки сериялуу көркөм фильмин (мындан ары - фильм) жарылуучу заттарды жана пиротехникалык каражаттарды пайдалануу менен тартууда техникалык коштоону жана согуштук сценаларды уюштурууну камсыздоо үчүн адистерди (инженерлерди) бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- "Кыргызфильм" киностудиясынын кино тартуучу тобунун карамагындагы автомашиналардын кыймылынын коопсуздугун камсыз кылсын;
- фильмди тартуу аянтын зарыл болгон учурда милиция кызматкерлери менен курчоону уюштурсун;
- фильмди табигый шартта тартуу үчүн зарыл болгон реквизиттерди, техникалык жабдууларды берсин;
- зарыл болгон учурда фильмдин согуштук сценаларын тартуу үчүн адистерди-консультанттарды жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- фильмдин өндүрүшүнө каралган бюджеттик каражаттарды өз убагында бөлсүн;
- фильмди тартуу үчүн зарыл болгон материалдарды, техникалык жабдууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда методологиялык жардам көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Кыргызфильм" киностудиясынын суроо-талабы боюнча:
- "Кыргызфильм" киностудиясынын кино тартуучу тобуна атайын автотранспорт (вахтовкалар), камсыздандыруучу шаймандарды, чатырларды берсин;
- өрт өчүрүүчү техникаларды жана өрт өчүрүү үчүн каражаттарды берүү менен фильм тартылуучу жерлерде өрткө каршы коопсуздукту камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги зарыл болгон учурда "Кыргызфильм" киностудиясынын кино тартуучу тобунун Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары чыгуучу мүчөлөрүнө чыгуу документтерин ыкчам тартипте тариздесин.
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- ушул буйрукта көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга фильмди тартуунун графигин, кино тартуучу топтун жеке курамын жана фильмди тартууну уюштурууга жана жүргүзүүгө байланышкан иш-чаралардын тизмегин берсин;
- фильмди тартууга даярдык көрүүгө жана жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде ишке ашырсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- фильмди тартууга даярдык көрүүгө жана тартууга байланышкан уруксат берүүчү документтерди белгиленген тартипте өз убагында тариздөөнү камсыз кылышсын;
- фильмди өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында тартуу учурунда белгиленген режимдин сакталышын камсыздоо үчүн тийиштүү адистерди жиберишсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы фильмди тартуу үчүн арналган техникалык жабдууларды, реквизиттерди жана башка материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө өз убагында бажылык тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү фильмди тартуу учурунда "Кыргызфильм" киностудиясынын кино тартуучу тобунун мүчөлөрүн социалдык-тиричилик жактан тейлөөнү уюштурууну камсыздашсын.
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) тарыхчы-адистердин консультацияларын берүү менен "Кыргызфильм" киностудиясынын кино тартуучу тобуна жардам көрсөтсүн.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |