Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-декабры № 600-б
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун структурасына кирген эл аралык жана региондук аэропортторду андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун тийиштүү башкаруу органдарынын кароосуна төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин:
- 2016-жылдын 1-январынан баштап "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун эл аралык аэропортторунан эл аралык аба линиялары боюнча учуп чыгуучу ар бир жүргүнчүдөн 15 (он беш) АКШ доллары өлчөмүндө аэропорттук акы алууну белгилөө жөнүндө;
- жогоруда айтылган каражатты "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун структурасына кирген эл аралык жана региондук аэропортторду өнүктүрүүгө жана мамлекеттик карыздык милдеттенмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго карызды төлөөгө жумшоо жөнүндө.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Көңүл бургула!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 848-т тескемеси менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-декабры № 600-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 848-т тескемесинин редакциясына ылайык)
"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун структурасына кирген эл аралык жана региондук аэропортторду андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 848-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун тиешелүү башкаруу органдарынын кароосуна төмөнкүлөр тууралуу сунуштарды киргизсин:
1) 2026-жылдын 1-январынан тартып эл аралык аба жолдору боюнча "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун эл аралык аэропортторунан учкан ар бир жүргүнчүдөн 20 (жыйырма) АКШ доллары өлчөмүндө аэропорттук жыйымды белгилөө;
2) "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун түзүмүнө кирген эл аралык жана региондук аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды пайдалануу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 848-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |