Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-декабры, № 599-б
Мамлекеттик мүлктү сарамжалдуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты 2016-жылдын 1-январынан тартып "Ош облустук ипподром" мамлекеттик мекемесин тиешелүү материалдык-техникалык базасы, штаттык саны жана бюджети менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетине тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду белгиленген тартипте киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мамлекеттик мекемени өзүнүн карамагына белгиленген тартипте кабыл алсын;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларлы көрсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |