КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-декабры № 597-б
Табигый кырсыктан жабыр гарткан калкты убактылуу турак жай менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун арызынын негизинде 150 даана жабдууларды (контейнерлерди) "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажы режиминде тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жабдууларды мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жабдууларды бааласын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жабдууларды табигый кырсыктан жабыр тарткан калкка мобилдүү турак жай кылып кайра жабдуу үчүн белгиленген тартипте кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жабдуулардын наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |