Сравнение редакций…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2015-жылдын 18-декабры № 613-б
Жарандарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту менен документтештирүү жагындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Бишкек шаары, Чокон Валиханов көчөсү, 2/14 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борборунда "Паспорт" автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонуу менен 2 сааттын ичинде жарандарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту менен шашылыш документтештирүү боюнча сынамык долбоорду (мындан ары - сынамык долбоор) ишке ашырсын;
- ушул кызмат көрсөтүүнүн наркы боюнча эсептөөлөрдү даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен белгиленген тартипте макулдашсын.
2. Сынамык долбоорду Бишкек шаарында өткөрүү мөөнөтү 2015-жылдын 18-декабрынан тартып 2016-жылдын 1-июлуна чейин белгиленсин.
3. Сынамык долбоорду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын каражатынын эсебинен каржылансын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 18-декабры № 613-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы № 336-б буйругунун редакциясына ылайык)
Жарандарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту менен документтештирүү жагындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Бишкек шаары боюнча калкты тейлөө борборлорунда "Паспорт" автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонуу менен 2 сааттын ичинде жарандарды Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту менен шашылыш документтештирүү боюнча сынамык долбоорду (мындан ары - сынамык долбоор) ишке ашырсын;
- ушул кызмат көрсөтүүнүн наркы боюнча эсептөөлөрдү даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен белгиленген тартипте макулдашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы № 336-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Сынамык долбоорду Бишкек шаарында өткөрүү мөөнөтү 2015-жылдын 18-декабрынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин.