РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-декабрындагы № 610-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед» (Trans-Kyrgyz Gas Pipeline Company Limited) компаниясынын ортосундагы Инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу)

Редакция14.12.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 14-декабры № 610-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" (Trans-Kyrgyz Gas Pipeline Company Limited) компаниясынын ортосундагы Инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев