Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-декабры № 618-б
Автомобиль жолун натыйжалуу пайдалануу максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:
1. Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык аймагынын Жаңы-Жер жана Зеленое айылдарынын ортосундагы автомобиль жолунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 19 мекемесине алып баруучу узундугу 5,8 км болгон участогу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдаланылуудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолун белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын;
- ыкчам башкарууга кабыл алынган жол участогун 2016-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде капиталдык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |