Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 21-декабры № 614-б
2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө, жылуулук жана электр энергиялары менен республиканын керектөөчүлөрүн үзгүлтүксүз камсыз кылууда "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) мурун чегерилген, бирок ушул буйрукка кол коюу датасына карата төлөнбөгөн негизги сумманы, пайыздарды жана айыптарды капиталдаштыруу жолу менен өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү актысынын негизинде ушул буйрукка кол коюлган датага карата болгон "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун мамлекеттик зайымдык каражаттары боюнча мөөнөтү өткөн карыздарын реструктуралаштырсын.
Капиталдаштырылган сумманы карыздык милдеттенме түрүндө төмөнкүдөй шарттарда тариздесин:
карызды төлөө мөөнөтү - пайыздарды эсептебестен, 2022-жылдын 15-январынан баштап 2022-жылдын 15-декабрына чейин ай сайын бирдей төлөмдө;
төлөмдөрдүн мөөнөтү өткөн учурда мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынан жылдык 6,0 пайыз өлчөмүндө айыптык санкцияларды белгилесин;
2) "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна отун ресурстарын сатып алууга 200,0 (эки жүз) млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берсин жана белгиленген тартипте төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн:
бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү - 2022-жылдын 15-январынан баштап 2023-жылдын 15-декабрына чейин ай сайын бирдей төлөмдө;
ссуда пайызсыз, күрөөлүк камсыздоону тариздөөсүз;
айыптык санкциялар - төлөө мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан 6,0 пайыз.
2. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн бюджеттик ссуданы максаттуу арналышы боюнча гана пайдалануу;
- мамлекеттик зайымдык каражатты карыздык милдеттенмеге ылайык кайтарып берүүнү камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн бюджеттик ссуданы "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун максаттуу пайдаланышын жана өз убагында кайтарып берүүсүн контролдоону камсыз кылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |