КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-декабры № 627-б
Мамлекеттик менчик объектилерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 95-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи-алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты," деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.".
Премьер-министр | Т.А. Сариев |