Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-декабры № 626-б
Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча документтерди табуу, тарыхый мурастарды кайтаруу жана Кыргыз Республикасында архив ишин өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө документтер менен материалдарды табуу жана чогултуу боюнча 2015-2025-жылдарга карата программа 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында архив ишин өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын 2015-2019-жылдарга карата программасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген программаларды (мындан ары - программалар) ишке ашыруунун координатору болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги программаларды ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарын бөлүп берүүнү камсыздасын, жыл сайын мамлекеттик бюджетти түзүүдө аларды ишке ашыруу үчүн каражаттарды карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө документтер менен материалдарды табуу жана чогултуу боюнча 2015-2025-жылдарга карата программаны ишке ашыруу боюнча иш чаралар-планынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аталган программаларды ишке ашыруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдасын, ошондой эле капиталдык курулуш объектилеринин тизмесине мамлекеттик архивдердин имараттарын киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн компетенциясынын алкагында жумушчу топторго программаларды ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жыл сайын 1-февралга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына программалардын ишке ашырылышы жөнүндө отчет берсин.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Кыргызстандын тарыхы башка мамлекеттердин тарыхы менен тыгыз чырмалышкан. Республиканын аймагында башкарууну уюштуруу боюнча революцияга чейинки жана совет мезгилиндеги өзгөчөлүктөргө байланыштуу Кыргызстандын тарыхы боюнча документтердин орчундуу бөлүгү чектеш мамлекеттердин архивдеринде жана илимий мекемелеринде топтолуп калган. Бул документтердин көпчүлүгү илимий иштөөгө алынган эмес, адистер менен коомчулукка берилбейт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн, илимин жана маданиятын өнүктүрүүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланылбайт.
Ошондуктан чет мамлекеттердин архивдеринде, музейлеринде, китепканаларында сакталып турган тарыхый булактарды табуу өзгөчө мааниге ээ.
Мамлекеттик архив кызматы тарабынан мындай документтерди табуу жана топтоо иштери 1965-1989-жылдар аралыгында туруктуу жүргүзүлгөн. Москванын, Ленинграддын, Ташкенттин, Фергананын, Алматынын жана башка шаарлардын мамлекеттик архивдерине ондогон илимий иш-сапарлары болуп, 20 миңге жакын микрофильмдердин кадрлары, 600дөн ашык фотокөчүрмөлөр жана ошондой эле сандагы машинкага басылган копиялар алынып, алардан Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде үч архивдик фонд-коллекциялар түзүлгөн. Алынып келген документтердин негизинде мамлекеттик архив кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясы жана башка илимий жана маданий мекемелер менен бирдикте бир топ документтердин жыйнактары чыгарылган, СССРдин жана РСФСРдин борбордук архивдеринин фонддору боюнча документтердин 13 тизмеси түзүлүп, аларга беш миңден ашык документтер кирген.
Ал мезгилде республиканын мамлекеттик архивдери документтердин кагаздагы көчүрмөлөрү эле эмес, аудиовизуалдык документтердин копиялары менен да толукталган. Булар XX кылымдын 30-40-жылдарында республиканын аймагында тартылып жана Бүткүл союздук фонддун курамына кирген кинодокументтер. Алардын ичинде "Крыша Памира", "Турксиб", "Колхозная Киргизия", "Песня о Киргизии" хроникалык-документалдык фильмдер, Кыргызстандын түштүгүндө 1927-1928-жылдары жүргүзүлгөн жер-суу реформасы тууралуу кинодокументтер, биринчи кыргыз улуттук аспаптар оркестри (1929-жыл), биринчи электр станция - Аламүдүн ГЭСи (1930-ж.), "Манасчылар" (1939-жыл), Кыргыз искусствосунун Москва шаарында өткөн биринчи декадасы тууралуу (1939-жыл) жана башкалар болгон. Ташкенттен Кыргызстандын XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башындагы тарыхын чагылдырган фотодокументтер алынган.
Башка республикалардан алынган документтерге СССРдин үн жазуу Борбордук мамлекеттик архивинен алынган, 1936-1960-жылдарда чыгарылган 450 грампластинканы киргизүүгө болот. Бул пластинкаларда Кыргыз ССРинин эл артисттери Мураталы Курөңкеев, Карамолдо Орозов, Ибрай Туманов жана башкалардын аткаруусундагы аспаптык пьесалар, күүлөр, обондор жазылган. Бул документтер учурда изилдөөчүлөр үчүн ачык.
Кыргызстан мамлекеттик эгемендүүлүк алгандан кийин, көптөгөн тарыхый окуяларды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы пайда болгондуктан тарыхый документтерди табуу маселесинин актуалдуулугу ого бетер өстү. Архивдик фонддорду толуктоо тарых боюнча сабактардын булактары болгон базаны байытуу үчүн зарыл болду.
Бул маселени чечүү боюнча иштиктүү чаралар 1996-жылы кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүү жана сактоо" "Маданият" Мамлекеттик программасында чагылдырылган. Бул Программага ылайык документтерди табуу жана көчүрмөлөрүн Кыргызстанга алып келүү боюнча иштерди уюштурууга жана аткарууга жыл сайын 250 миң сомдон бөлүнүп турушу керек эле. Бирок финансылык кыйынчылыктардан улам Программа аткарылбай калды.
Бирок чет өлкөлөрдүн архивдеринен документтерди таап, алардын көчүрмөлөрүн алуу маселеси бүгүн да турат: бул маселе Кыргыз Республикасынын архив ишинин өнүктүрүү концепциясынын (2003-жыл) маанилүү багыттарынын бири. Чет өлкөлөргө иш сапарлар жетиштүү каржыланбагандыктан бул иш пландуу түрдө эмес, анда-санда аткарылган. Мисалы, 2000-жылы Өзбекстан Республикасынын архивдеринен документтердин көчүрмөлөрү алынып, алардын негизинде "Исхак Раззаков: жизнь, отданная народу" деп аталган документтер жыйнагы чыгарылды. Казакстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик архивдеринен алынган документтердин көчүрмөлөрү Бишкек шаарынын тарыхы тууралуу документтер жыйнагына кирип, 2013-жылы жарык көрдү. Мамлекеттик архивдердин фонддору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын баяндаган документтер менен да толукталды.
Кыргызстандын тарыхына байланыштуу документтерди таап көчүрмөсүн алуу илимпоз-тарыхчылар тарабынан да жасалып турду, бул иштин натыйжасы алардын илимий кызыкчылыктарына жана чектелген мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болду. Бул иштерди координациялоо болгон эмес, документтердин алынган көчүрмөлөрү изилдөөчүлөрдүн жеке пайдалануусунда калган.
Чет мамлекеттердин архивдеринен документтерди издөө иштерине ченемдик укуктук база болуп КМШга мүчө мамлекеттер тарабынан 1992-жылдын 6-июлунда кол коюлган мурдагы СССРдин мамлекеттик архивдерине карата укук улантуу жөнүндө макулдашуу жана 1999-жылдын 4-июнунда кол коюлуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-январындагы № 33 токтому менен ратификацияланган КМШга мүчө мамлекеттердин архивдик маалыматтардан пайдалануу жагындагы өз ара иштешүүсүнүн принциптери жана формалары жөнүндө макулдашуу эсептелет.
Андан тышкары, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Түркия Республикасынын архив кызматтары мамлекеттин тарыхына байланыштуу документтерди издөө жана көчүрмөсүн алуу мүмкүндүгүн караштырган эки тараптуу макулдашууларга кол коюшкан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарында 1994-жылдын 23-апрелинде кол коюлган Маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик архив башкармасынын ортосунда Пекин шаарында 2006-жылдын 9-июнунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Ошондой эле Бишкек шаарында 2004-жылдын 5-октябрында Түркия Республикасынын Мамлекеттик архивдик документтер боюнча башкы дирекциясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архив кызматынын ортосунда Кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлган.
Программанын максаты Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун курамын толуктап, кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы тууралуу илимий изилдөөлөрдүн булактарынын базасын байытуу болуп саналат.
Программанын максатына жетүү үчүн төмөнкүдөй маселелерди чечүү белгиленген:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусун толуктоого булак болуучу чет өлкөлүк архивдик жана илимий мекемелерди аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын архив жана илимий мекемелеринин өкүлдөрүнөн чет өлкөлөрдөн документтерди издеп табуучу жумушчу топторду түзүү.
Программаны ишке ашыруунун ченемдик укуктук базасы болуп "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы № 18 "Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы жана бир топ эл аралык келишимдер эсептелет.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде Улуттук архив фонду башка мамлекеттерден түшкөн документтер менен толукталышы мүмкүн деп белгиленген. Мыйзамдын 11-беренесине ылайык мамлекет өзүнүн аймагынын чегинен тышкары жердеги тарыхый мурастарды түзгөн документтерди кайтарып келүүгө карата чара көрөт, топтолгон жана тарыхый жактан Кыргыз Республикасы менен байланышкан документтерди издөөнү жана кайтарып келүүнү кубаттайт жана каржылайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгында: кылымдар жана ондогон жылдар бою Кыргызстандын тарыхынын даңазалуу барактары этибарга алынбай жана саясый конъюнктурадан улам бурмаланып келген. Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана кеңири таанытуу маселелерине жетиштүү көңүл жана ресурстар бөлүнбөй келген. Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү башка тарыхый мезгилдердин бүтүндөй катмарлары да ишенимдүү булактардын базасында терең изилдөөнү талап кылат, деп айтылган.
КМШга мүчө мамлекеттер тарабынан Москва шаарында 1992-жылдын 6-июлунда кол коюлган мурдагы СССРдин мамлекеттик архивдерине карата укук улантуу жөнүндө макулдашууга ылайык, тараптар өздөрүнүн аймактарынан сырткары жайгашкан Россия империясынын жана СССРдин архивдеринин бөлүнгүстүгү менен бүтүндүгүн таанышкан жана аларга ээ болуу укугуна талапкер болушпайт. Макулдашууга катышкан мамлекеттердин аймактарында жайгашкан СССРдин архивдери тиешелүү мамлекеттердин юрисдикциясына өткөн. Макулдашуунун тараптары өздөрүнүн мыйзамдарына ылайык, изилдөөчүлөрдүн архивдерге жетүүсүн камсыздоого жана КМШга катышкан мамлекеттердин архивдик мекемелери беришкен маалымкаттардын юридикалык күчүн өздөрүнүн аймактарында таанууга милдеттенишкен. Ар бир тарап документтерге жетүүгө жана зарыл болгон көчүрмөлөрдү алууга укуктуу. КМШга катышкан мамлекеттер үчүн документтерди табуу жана көчүрмөлөө боюнча иштерди жүргүзүүдө мамлекеттик архив кызматынын расмий өкүлдөрүнө иштөө үчүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилет. Ошондой эле тараптар алардын аймактарында түзүлгөн жана ар кайсы мезгилдерде алардын чектеринен сыртта болуп калган фонддорду кайта алууга укуктуу. Документтерди кайта алуу, көчүрмөлөрдү алмашуу ж.б. менен байланышкан маселелер атайын эки тараптуу макулдашуулар менен жөнгө салынат.
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы тарабынан Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик архивдик кызматтары менен эки тараптуу макулдашуулар түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарында 1994-жылдын 23-апрелинде кол коюлган Маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы архив башкармасынын ортосунда 2006-жылдын 9-июнунда Пекин шаарында Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Ошондой эле Түркия Республикасынын Мамлекеттик архивдик документтер боюнча башкы дирекциясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архив кызматынын ортосунда Бишкек шаарында 2004-жылдын 5-октябрында Кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлуп, анда документтерди кайра алууга, архивдик документтердин көчүрмөлөрүн жана архивдик маалыматтарды алмашууга байланыштуу кызматташуу каралган.
Гуманитардык жана маданий тармактарда маалыматтык мейкиндикти сактоонун жана өз ара байланышта иштешүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп, КМШга катышкан мамлекеттер 1999-жылдын 4-июнунда Минск шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин архив маалыматын пайдалануу тармагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн принциптери жана формалары жөнүндө макулдашууга кол коюшкан, анда да архивдик маалыматтарга жетүү жана документтердин көчүрмөлөрүн алмашуу каралган.
4. Чет өлкөлүк мекемелер - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондун толтуруу булактары
Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик архивдердин фонддору боюнча жарыяланган жол көрсөткүчтөрдү, монографияларды изилдөөнүн негизинде кыргыздарга жана Кыргызстанга тарыхый байланышы бар документтер фонддорунда болушу ыктымалдуу чет өлкөлүк мекемелердин тизмеси түзүлгөн.
Россия империясынын тышкы саясат архиви (Москва ш.);
Россия Илимдер академиясынын архиви (Москва ш.);
Россия Федерациясынын Мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Мамлекеттик тарых музейи (Москва ш.);
Россиянын Байыркы актылар мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Россиянын Кинофотодокументтер мамлекеттик архиви (Москва облусу, Красногорск ш.);
Жаңы тарыхтын Россиялык мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Социалдык-саясий тарыхтын Россиялык мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Фонодокументтердин Россиялык мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Экономиканын Россиялык мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Россиялык мамлекеттик аскердик-тарыхый архив (Москва ш.);
Россиялык мамлекеттик тарых архиви (Санкт-Петербург ш.);
Россиялык мамлекеттик китепкана (Москва ш.);
Россиялык улуттук китепкана (Санкт-Петербург ш.);
Россиялык илимдер академиясынын архивинин Санкт-Петербургдагы филиалы (Санкт-Петербург ш.);
Новосибирск облусунун мамлекеттик архиви (Новосибирск ш.);
Омск облусунун мамлекеттик архиви (Омск ш.);
Оренбург облусунун мамлекеттик архиви (Оренбург ш.).
Казакстан Республикасынын Президентинин архиви (Алматы ш.);
Казакстан Республикасынын борбордук мамлекеттик архиви (Алматы ш.);
Казакстан Республикасынын мамлекеттик кинофотодокументтер жана үн жазуулар борбордук архиви (Алматы ш.).
Тажикстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви (Дүйшөмбү ш.);
Тажикстан Республикасынын кинофотофонодокументтер борбордук мамлекеттик архиви (Дүйшөмбү ш.);
Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун мамлекеттик архиви (Хорог ш.);
Согду облусунун мамлекеттик архиви (Худжанд ш.).
Өзбекстан Республикасынын Президентинин архиви (Ташкент ш.);
Өзбекстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви (Ташкент ш.);
Өзбекстан Республикасынын кинофотофонодокументтер борбордук мамлекеттик архиви (Ташкент ш.);
Анжиян облустук мамлекеттик архив (Анжиян ш.);
Жизак облустук мамлекеттик архив (Жизак ш.);
Наманган облустук мамлекеттик архив (Наманган ш.);
Ташкент облустук мамлекеттик архив (Ташкент ш.);
Фергана облустук мамлекеттик архив (Фергана ш.);
Алишер Навои атындагы улуттук китепкана (Ташкент ш.).
Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик архивдик башкармасы (Пекин ш.);
Кытайдын Биринчи тарых музейи (Пекин ш.).
Түркиянын Мамлекеттик архивдеринин башкы дирекциясы (Анкара ш.);
Түркиянын улуттук китепканасы (Анкара ш.).
Программаны ишке ашыруу мезгилинде чет өлкөлүк мекемелердин фонддорун изилдөө улантылат, алардын тизмеси такталат жана толукталат.
Чет өлкөлүк мекемелерден кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча документтерди табуу ишине катышып жаткандар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жана анын курамындагы мамлекеттик архивдер;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясы;
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети;
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
- К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети;
- дипломатиялык кызматтын органдары (өз компетенцияларынын чектеринде).
Документтерди табуу жана көчүрүү боюнча иш системалуу мүнөздө болууга тийиш.
Программаны ишке ашыруунун координатору болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги саналат (мындан ары - Архив агенттиги).
Программаны ишке ашыруу үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен тарыхчы илимпоздордон жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт. План түзүүдө илимий эмгектердин библиографиясы, мамлекеттик архивдерде бар болгон булактык база, мурда табылган документтердин тизмеси изилденет. Планда издеп табууга жана көчүрмөлөөгө пландалып жаткан документтердин негиздери, актуалдуулугу, маалыматтык баалуулугу, ошондой эле иш сапардын мөөнөтүнүн жана узактыгынын негиздемеси баяндалат. Планды Архив агенттигинин илимий-методикалык кеңеши бекитет.
Кат алышуунун негизинде чет өлкөлүк мекеме менен жумушчу топтун баруусу жөнүндө алдын ала сүйлөшүүгө жетишилет.
Өкүлдөрү жумушчу топко катышкан мекемелердин бюджетине кийинки жылга чыгымдарды пландоодо Программаны ишке ашыруунун суммасы киргизилет.
Жумушчу топтун мүчөлөрү документтерди тандашат, аны көчүрмөлөшөт. Чет өлкөлүк мекемелерде табылган документтердин электрондук версиялары бар болсо, алардын электрондук көчүрмөсү да жасалат.
Иш сапардын жыйынтыгы боюнча топтун жетекчиси тарабынан изилденген фонддордун, тизимдердин жана көктөмөлөрдүн саны жөнүндө отчет түзүлөт, отчетко тандалган жана көчүрмөлөнгөн документтердин тизмеси тиркелет. Отчет Архив агенттигинин Илимий-методикалык кеңешинин кароосуна берилет.
Документтердин көчүрмөлөрү акт боюнча (ишинин багыты боюнча) Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивдеринин бирине мамлекеттик сактоого өткөрүлүп берилет. Документтердин көчүрмөлөрү мамлекеттик эсепке алынат жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат. Документтердин тизмеси Архив агенттигинин сайтына жайгаштырылат.
Документтердин электрондук версиясы жок болсо алар электрондук форматка которулат, маалыматтар базасы түзүлөт.
Программаны ишке ашыруунун координатору катары Архив агенттиги жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берет.
Программа он жылга эсептелген. Негиз болуп (КМШга кирген мамлекеттерге) беш же (алыскы чет өлкөлөргө) үч адамдан турган экспедицияны отуз календардык күнгө каржылоонун эсеби алынган.
Программаны ишке ашыруу үчүн 24593,27 миң сом керектелет.
Документтердин толук табылышы жана Программанын толук ишке ашырылышы аны каржылоо деңгээлине жараша болот.
Программаны каржылоо үчүн республикалык бюджеттин каражаты жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттар тартылат.
Бул документтердин түп нускалары чет мамлекеттердин өздөрүнүн аймактарында жайгашкан фонд түзүүчүлөр (мекемелер же жеке адамдар) уюштурушкан китепканаларда, музейлерде, архивдерде топтолгондуктан Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондун Кыргызстандын тарыхы боюнча документтердин көчүрмөлөрү менен толуктоого мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдерине кабыл алынган жана аларда түп нусканын укугу менен эсепке алынган документтердин көчүрмөлөрү илимий изилдөөлөр, мамлекеттик башкаруунун практикалык маселелерин чечүү, маданий-билим берүүчү максаттары, көргөзмөлөрдү жана документтердин жыйнактарын, радио жана теле берүүлөрдү даярдоо, ММК публикацияларды даярдоо үчүн маалыматтык база болот.
Бул документтердин республиканын архивдеринде бар болуусу мамлекеттик бийликтин органдарына башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн архивдик документтерди ыкчам алууга мүмкүндүк берет (мисалы чектеш мамлекеттер менен болгон чек араны баяндоо маселеси), тарыхтын "ак тактарын" изилдөө мүмкүндүгүн кеңейтет, келечекте экономикалык пайда алып келет, анткени изилдөөчүлөргө керектүү документтерди издөө үчүн иш сапарларга чыгуу зарылчылыгы болбойт.
2-тиркеме
1. Учурдагы абалга жалпы баа
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдери Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу, узак мөөнөткө жана депозитардык сактоону, аларды коомдун жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн такай толуктап, каттоого алып жана пайдаланууну ишке ашыруучу адистештирилген мамлекеттик мекемелер болуп саналышат.
Мамлекеттин архив кызматы "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына негизделет.
Учурда архив кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын курамына кирет.
Кыргыз Республикасынын архив кызматы борборлоштурулган бирдиктүү тармактан турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин (мындан ары - Архив агенттиги) башкаруу курамына борбордук мамлекеттик архивдер, облустук, райондук жана шаардык архивдер - бардыгы 65 мамлекеттик архив кирет. Аларда Кыргызстандын тарыхы, администрациялык-аймактык бөлүнүүсү боюнча, ар түрдүү мамлекеттик жана коомдук мекемелердин жана уюмдардын тарыхы боюнча, чарбанын бардык тармактарынын, маданияттын, илимдин өнүгүшү жөнүндө, чет өлкөлөр менен мамилелер, Кыргызстандын атактуу инсандары тууралуу кеңири маалыматтар сакталууда. Республиканын архивдеринде жарандардын социалдык укуктарын коргоо маселеси боюнча көп сандаган документтер топтолгон.
Республиканын архивдери архивдик документтерди сактоо, алардын мамлекеттик эсеби, аларга илимий-маалымдагыч аппараттарын түзүү, мекемелер жана уюмдар менен алардын архивдик фонддорун түзүү жана өз убагында мамлекеттик сактоого өткөрүү багытында иш жүргүзүү, коомдун архивдик маалыматтарга болгон талабын камсыз кылуу боюнча иштердин комплексин аткарышат. Бул максатта керектүү ченемдик-методикалык база иштелип чыккан жана ал мезгилдин талабын эске алуу менен дайыма өркүндөтүлүп турат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринде XIX кылымдын биринчи жарымынан ушул кезге чейинки мезгилди камтыган 4 млн. ашык документтер сакталып турат. Анын ичинен 3 млн. 925 миңи кагазда, 16 миңден ашыгы кинодокументтер, 88 миңдейи фотодокументтер, 6 миңден ашыгы фонодокументтер, 600дөн ашыгы видеодокументтер.
Кыргыз Республикасынын Кинофотофонодокументтеринин борбордук мамлекеттик архивинен жана Документтер борборунан башка бардык архивдердин имараттары бар, алардын 9у - типтүү (борбордук жана облустук мамархивдердин көпчүлүгү) жана 56сы (айрым облустук жана бардык райондук-шаардык архивдер) архив сактоого ыңгайлаштырылган имараттар. 65 архивдин 57си гана архивдердин балансындагы имараттарда жайгашкан, калган 8 архив муниципалдык менчиктеги имараттарда же башка мекемелердин балансындагы имараттарда жайгашкан.
27 архивдин сактоочу жайлары толуп калгандыгына байланыштуу документтер менен толукталууга мүмкүнчүлүгү жок. Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви, Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архиви, Ош жана Чүй облустук мамлекеттик архивдер, Каракол, Балыкчы, Аксы, Жалал-Абад, Араван, Өзгөн ж.б. райондук жана шаардык архивдер абдан (100% ашык) толгон шартта иштешет.
Учурда мамлекеттик архив системасынын объекттерине кошумча аянттарды табуу жана капиталдык куруу маселеси курч болуп турат.
Мамлекеттик архивдердин имараттарына байланыштуу оор абал Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архивинде, Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаардык мамлекеттик архивинде, Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик архивинде, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик архивинде, Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивинде жана Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик архивинде пайда болду.
Мамлекеттик архивдердин материалдык-техникалык базасы моралдык жактан да, физикалык жактан да эскирген. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышы алардын имараттарынын жана инженердик коммуникацияларынын абалына жараша болот. Заманбап атайын каражаттардын жоктугунан архив документтери менен аткарылуучу бир катар операциялар - камсыздандыруу фондун түзүү, өчүп бараткан тексттерди калыбына келтирүү, документтерди сапаттуу реставрациялоо ж.б. иштер кыйындоодо. Тексттердин өчүп бараткандыгынан жана сактагычтардын бузулуп жаткандыгынан Кыргызстандын тарыхы боюнча XX кылымдын 20-40-жылдарында түзүлгөн баалуу документтерди жоготуп алуу коркунучу бар.
Документтердин узакка сакталышын камсыз кылуу үчүн оптималдуу температуралык-нымдуулук режимди сактоо зарыл. Архив сакталуучу жайларда кондиционерлердин жана жылытуу системасы жок болгондуктан температуранын жайкы-кышкы өзгөрүүсү архивдик документтердин бузулушуна алып келүүдө. Абанын тийиштүү температурасын жана нымдуулугун кармап туруучу жабдуу документтердин бузулуу процессин акырындата алат.
Кыргыз Республикасында архив ишин өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын 2015-2019-жылдарга карата программасынын максаты болуп - Кыргыз Республикасынын тарыхый, экономикалык, саясый, социалдык, маданий дөөлөттөрүн чагылдырган документтердин мүмкүн болушунча сакталуусун камсыздоо, архивдик документтерди сактоочу жайларды кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондун толуктоо эсептелет.
Аталган максатка жетүү үчүн төмөндөгү маселелерди чечүү зарыл:
1. Төмөндөгү мамлекеттик архивдерди 2015-2019-жылдарда капиталдык курулуучу имараттардын реестрине киргизүү:
- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мамлекеттик архиви;
- Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик архиви;
- Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик архиви;
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик архиви;
- Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик архиви;
- Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик архиви.
- Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архиви.
Төмөнкү мамлекеттик архивдердин имараттарына капиталдык ремонт жасоо:
- Чүй облустук мамлекеттик архиви;
- Жалал-Абад облустук мамлекеттик архиви;
- Ысык-Көл облустук мамлекеттик архиви;
- Ат-Башы райондук мамлекеттик архиви;
- Жайыл райондук мамлекеттик архиви;
- Баткен райондук мамлекеттик архиви;
- Баткен облустук мамлекеттик архиви;
- Жумгал райондук мамлекеттик архиви (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин имаратында температуралык-нымдуулук режимди кармап туруучу системаны орнотуу.
Архив агенттигинин бөлүктөрүн зарыл техника менен камсыз кылуу (серверлер, сканерлер, цифралык маалыматты сактоо системасы) жана архивдик документтердин бирдиктүү базасын түзүү.
Архив агенттигинин кызматкерлери үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (ICDL) жана архив ишинин маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуучу курстарды өткөрүү.
Финансылык каржылоо болмоюнча архив ишинин өнүгүшү мүмкүн эмес, анын негизги булактары ички жана тышкы финансылык булактар.
Каржылоонун ички булактарына булар кирет:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
- акы алып кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каржылоо булактары.
Каржылоонун тышкы булактарына төмөнкүлөр кирет:
- эл аралык финансы уюмдарынын кредиттери жана гранттары;
- мамлекеттердин жана ар түрдүү эл аралык кайрымдуулук уюмдардын гранттары;

Жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө шаймандарды алууга, авариялык абалдагы имараттарга капиталдык ремонт жасоого, документтер менен комплектилөө үчүн запас аянттары болгон типтүү жаңы имараттарды капиталдык курууга каражат кароо зарыл.
Архив мекемелеринин ишмердигин мамлекеттик эмес каржылоо үчүн эл аралык уюмдардын мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдаланып, акы алып кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана аймагын кеңейтүү талап кылынат.
Программаны ишке ашыруунун натыйжасында булар күтүлөт:
- коюлган маселелерди аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу;
- архивдик документтерди авариялык имараттардан типтүү жаңы имараттарга көчүрүү жана сактоо;
- архивдик документтерди сактоого жаңы жайларды табуу;
- архив сактоочу жайларда оптималдуу температуралык-нымдуулук режимди сактоо;
- өтө баалуу документтерди электрондук сактагычтарга которуу (цифралоо);
- издөө ишин оптималдаштыруу үчүн архивдик документтердин дарек базасынын программасын түзүү жана ишке киргизүү;
- мамлекеттик архивдердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу;
- архив кызматынын кызматкерлеринин кесиптик тажрыйбасын жана адистешүүсүн жогорулатуу.
|
| Кыргыз Республикасында архив ишин өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын 2015-2019-жылдарга карата программасына тиркеме |
№ | Маселелер | Иш-чаралар/ аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Республикалык бюджет (миң сом) | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Архивдик документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн өз имараты жок же имараты авариялык абалдагы мамлекеттик архивдерди имараттар менен камсыз кылуу | Бардык объекттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу | 2016-жылдын февралы | Программаны ишке ашыруу үчүн каралган каражаттын чегинде | Долбоорлорду экспертизадан өткөрүү жана тийиштүү корутундулар | Мамкурулуш, ФМ, Архив агенттиги |
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо | 2015-2019-жылдар |
| Долбоорлорду экспертизадан өткөрүү | Мамкурулуш, ФМ, Архив агенттиги | ||
Курулушка тендер жарыялоо жана подрядчыны аныктоо | 2015-2019-жылдар |
| Имараттарды курууга келишимдерди түзүү | Мамкурулуш, ФМ, Архив агенттиги | ||
2 | Имаратты капиталдык курулуштун реестрине киргизүү | Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мамлекеттик архиви | 2015-жыл | 11760,9 | Имараттарды куруу | Мамкурулуш, ФМ, Архив агенттиги |
Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик архиви | 2017-жыл | 10320,0 |
|
| ||
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик архиви | 2018-жыл | 11167,0 |
|
| ||
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик архиви | 2016-жыл | 8400,0 | ||||
Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик архиви | 2019-жыл | 5600,0 | ||||
Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик архиви | 2019-жыл | 7700,0 | ||||
Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архиви | 2019-жыл | 25000,0 | ||||
Бардыгы: |
| 79947,9 |
|
| ||
3 | Имараттарга капиталдык ремонт жасоо үчүн долбоордук-сметалык наркын аныктоо | Чүй облусунун мамлекеттик архиви | 2015-жыл | 10000,0 | Курулуш сметаларына экспертиза жасоо | Мамкурулуш, Архив агенттиги |
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик архиви | 2015-жыл | 2900,0 | ||||
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик архиви | 2016-жыл | 15250,0 | ||||
Ат-Башы районунун мамлекеттик архиви | 2018-жыл | 2700,0 | ||||
Жайыл районунун мамлекеттик архиви | 2016-жыл | 2500,0 | ||||
Баткен районунун мамлекеттик архиви | 2016-жыл | 3000,0 | ||||
Баткен облусунун мамлекеттик архиви | 2015-жыл | 5000,0 | ||||
Жумгал районунун мамлекеттик архиви | 2015-жыл | 7000,0 | ||||
Бардыгы |
| 48350,0 | ||||
4 | Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде температуралык-нымдуулук режимдин системасын орнотуу | Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу | 2016-жыл | 500,0 | Мөөнөтүн жана баасын аныктоо | Архив агенттиги |
Тендер өткөрүү жана подрядчыны аныктоо | 2017-жыл |
| Келишим түзүү | Архив агенттиги | ||
Системаны орнотуу жана эксплуатацияга кабыл алуу | 2017-жыл | 20100,0 | Борбордук мамлекеттик архивдин сактоочу жайларында оптималдуу температуралык-нымдуулук режимди сактоо | Архив агенттиги | ||
Бардыгы |
| 20600,0 |
|
| ||
5 | Архив агенттигинин бөлүктөрүн компьютердик техникалар менен камсыз кылуу | Архивдик документтерди сактоо жана калкты электрондук түрдө тейлөө максатында Архив агенттеринин бөлүктөрүн компьютердик техника менен жабдуу | 2016-2019-жылдар | 4100,0
4100,0 | Документтерди электрондук форматта сактоо | Архив агенттиги |
анын ичинде: - компьютердик (анын ичинде: сервердик, сканерлөөчү, перифериялык, сакталуучу документтердин цифралык көчүрмөлөрү менен иштөө үчүн атайын) жабдууларга бирдей талаптарды иштеп чыгуу | 2016-жыл | Архив агенттигине каралган бюджеттик каражаттын чегинде | Документтерди электрондук форматта сактоо | Архив агенттиги | ||
- Архив агенттиги жана анын карамагындагы мекемелер үчүн серверлерди, сканерлөөчү шаймандарды, цифралык маалыматты сактоо системаларын алуу, электрондук маалыматты сактоонун локалдык борборлорун түзүү үчүн түзүү | 2017-жыл | 3285,0 | Документтерди электрондук форматта сактоо | Архив агенттиги | ||
- маалыматтык тейлөөнүн терминалдык системасынын базасында архивдердин компьютерлештирилген окуу залдарын ачуу (борбордук жана облустук) | 2016-2018-жылдар | Архив агенттигинин бюджетинин чегинде |
| Архив агенттиги | ||
- "Кыргызстандын архивдери" сайтын андан ары өнүктүрүү (анын ичинде чет тилдеги порталдын бөлүмдөрүн түзүү) | Жыл сайын | Архив агенттигинин бюджеттик жана атайын каражаттарынын чегинде |
| Архив агенттиги | ||
- аймактык архивдерде локалдуу эсептөө тармактарын түзүү жана маалыматтык тейлөө боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн архивдерди жайык тилкелүү Интернет менен камсыз кылуу | 2016-2018-жылдар | 815,0 |
| Архив агенттиги | ||
- Архив агенттигинин бөлүмдөрүндө паритеттик негизде жабдууларды жана программалык камсыздоону орнотуу | 2016-2019-жылдар | Архив агенттигинин бюджеттик жана атайын каражаттарынын чегинде |
| Архив агенттиги | ||
6 | Архив агенттигинин кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу | Компьютердик техника менен иштей албаган жана компьютердик техника менен иштөөнүн негизги ыкмаларын билбеген кызматкерлердин санын аныктоо | 2016-2019-жылдар | Архив агенттигинин бюджеттик жана атайын каражаттарынын чегинде |
| Архив агенттиги |
Окуу борборлору менен агенттиктин кызматкерлерин окутуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | 2016-2019-жылдар | Архив агенттигинин бюджеттик жана атайын каражаттарынын чегинде |
| Билим берүү министрлиги, Архив агенттиги | ||
Кызматкерлерди окутуу графигин түзүү | 2016-2019-жылдар | Архив агенттигинин бюджеттик жана атайын каражаттарынын чегинде |
| Архив агенттиги |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө документтер менен материалдарды табуу жана чогултуу боюнча 2015-2025-жылдарга карата ПРОГРАММА
1. Кыргыз Республикасынын архив ишиндеги проблеманын учурдагы абалы

2. Программанын максаты жана маселелери
Программанын максаты Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун курамын толуктап, кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы тууралуу илимий изилдөөлөрдүн булактарынын базасын байытуу болуп саналат.
Программанын максатына жетүү үчүн төмөнкүдөй маселелерди чечүү белгиленген:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусун толуктоого булак болуучу чет өлкөлүк архивдик жана илимий мекемелерди аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын архив жана илимий мекемелеринин өкүлдөрүнөн чет өлкөлөрдөн документтерди издеп табуучу жумушчу топторду түзүү.
3. Ченемдик укуктук камсыздоо
Программаны ишке ашыруунун ченемдик укуктук базасы болуп "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы № 18 "Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы жана бир топ эл аралык келишимдер эсептелет.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде Улуттук архив фонду башка мамлекеттерден түшкөн документтер менен толукталышы мүмкүн деп белгиленген. Мыйзамдын 11-беренесине ылайык мамлекет өзүнүн аймагынын чегинен тышкары жердеги тарыхый мурастарды түзгөн документтерди кайтарып келүүгө карата чара көрөт, топтолгон жана тарыхый жактан Кыргыз Республикасы менен байланышкан документтерди издөөнү жана кайтарып келүүнү кубаттайт жана каржылайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгында: кылымдар жана ондогон жылдар бою Кыргызстандын тарыхынын даңазалуу барактары этибарга алынбай жана саясый конъюнктурадан улам бурмаланып келген. Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана кеңири таанытуу маселелерине жетиштүү көңүл жана ресурстар бөлүнбөй келген. Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү башка тарыхый мезгилдердин бүтүндөй катмарлары да ишенимдүү булактардын базасында терең изилдөөнү талап кылат, деп айтылган.
КМШга мүчө мамлекеттер тарабынан Москва шаарында 1992-жылдын 6-июлунда кол коюлган мурдагы СССРдин мамлекеттик архивдерине карата укук улантуу жөнүндө макулдашууга ылайык, тараптар өздөрүнүн аймактарынан сырткары жайгашкан Россия империясынын жана СССРдин архивдеринин бөлүнгүстүгү менен бүтүндүгүн таанышкан жана аларга ээ болуу укугуна талапкер болушпайт. Макулдашууга катышкан мамлекеттердин аймактарында жайгашкан СССРдин архивдери тиешелүү мамлекеттердин юрисдикциясына өткөн. Макулдашуунун тараптары өздөрүнүн мыйзамдарына ылайык, изилдөөчүлөрдүн архивдерге жетүүсүн камсыздоого жана КМШга катышкан мамлекеттердин архивдик мекемелери беришкен маалымкаттардын юридикалык күчүн өздөрүнүн аймактарында таанууга милдеттенишкен. Ар бир тарап документтерге жетүүгө жана зарыл болгон көчүрмөлөрдү алууга укуктуу. КМШга катышкан мамлекеттер үчүн документтерди табуу жана көчүрмөлөө боюнча иштерди жүргүзүүдө мамлекеттик архив кызматынын расмий өкүлдөрүнө иштөө үчүн болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилет. Ошондой эле тараптар алардын аймактарында түзүлгөн жана ар кайсы мезгилдерде алардын чектеринен сыртта болуп калган фонддорду кайта алууга укуктуу. Документтерди кайта алуу, көчүрмөлөрдү алмашуу ж.б. менен байланышкан маселелер атайын эки тараптуу макулдашуулар менен жөнгө салынат.
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив кызматы тарабынан Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик архивдик кызматтары менен эки тараптуу макулдашуулар түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарында 1994-жылдын 23-апрелинде кол коюлган Маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы архив башкармасынын ортосунда 2006-жылдын 9-июнунда Пекин шаарында Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Ошондой эле Түркия Республикасынын Мамлекеттик архивдик документтер боюнча башкы дирекциясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архив кызматынын ортосунда Бишкек шаарында 2004-жылдын 5-октябрында Кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлуп, анда документтерди кайра алууга, архивдик документтердин көчүрмөлөрүн жана архивдик маалыматтарды алмашууга байланыштуу кызматташуу каралган.
Гуманитардык жана маданий тармактарда маалыматтык мейкиндикти сактоонун жана өз ара байланышта иштешүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп, КМШга катышкан мамлекеттер 1999-жылдын 4-июнунда Минск шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин архив маалыматын пайдалануу тармагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн принциптери жана формалары жөнүндө макулдашууга кол коюшкан, анда да архивдик маалыматтарга жетүү жана документтердин көчүрмөлөрүн алмашуу каралган.
4. Чет өлкөлүк мекемелер - Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондун толтуруу булактары
Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик архивдердин фонддору боюнча жарыяланган жол көрсөткүчтөрдү, монографияларды изилдөөнүн негизинде кыргыздарга жана Кыргызстанга тарыхый байланышы бар документтер фонддорунда болушу ыктымалдуу чет өлкөлүк мекемелердин тизмеси түзүлгөн.
§ 1. КМШга катышкан мамлекеттер:
Россия Федерациясы
Россия империясынын тышкы саясат архиви (Москва ш.);
Россия Илимдер академиясынын архиви (Москва ш.);
Россия Федерациясынын Мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Мамлекеттик тарых музейи (Москва ш.);
Россиянын Байыркы актылар мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Россиянын Кинофотодокументтер мамлекеттик архиви (Москва облусу, Красногорск ш.);
Жаңы тарыхтын Россиялык мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Социалдык-саясий тарыхтын Россиялык мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Фонодокументтердин Россиялык мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Экономиканын Россиялык мамлекеттик архиви (Москва ш.);
Россиялык мамлекеттик аскердик-тарыхый архив (Москва ш.);
Россиялык мамлекеттик тарых архиви (Санкт-Петербург ш.);
Россиялык мамлекеттик китепкана (Москва ш.);
Россиялык улуттук китепкана (Санкт-Петербург ш.);
Россиялык илимдер академиясынын архивинин Санкт-Петербургдагы филиалы (Санкт-Петербург ш.);
Новосибирск облусунун мамлекеттик архиви (Новосибирск ш.);
Омск облусунун мамлекеттик архиви (Омск ш.);
Оренбург облусунун мамлекеттик архиви (Оренбург ш.).
Казакстан Республикасы
Казакстан Республикасынын Президентинин архиви (Алматы ш.);
Казакстан Республикасынын борбордук мамлекеттик архиви (Алматы ш.);
Казакстан Республикасынын мамлекеттик кинофотодокументтер жана үн жазуулар борбордук архиви (Алматы ш.).
Тажикстан Республикасы
Тажикстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви (Дүйшөмбү ш.);
Тажикстан Республикасынын кинофотофонодокументтер борбордук мамлекеттик архиви (Дүйшөмбү ш.);
Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун мамлекеттик архиви (Хорог ш.);
Согду облусунун мамлекеттик архиви (Худжанд ш.).
Өзбекстан Республикасы
Өзбекстан Республикасынын Президентинин архиви (Ташкент ш.);
Өзбекстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви (Ташкент ш.);
Өзбекстан Республикасынын кинофотофонодокументтер борбордук мамлекеттик архиви (Ташкент ш.);
Анжиян облустук мамлекеттик архив (Анжиян ш.);
Жизак облустук мамлекеттик архив (Жизак ш.);
Наманган облустук мамлекеттик архив (Наманган ш.);
Ташкент облустук мамлекеттик архив (Ташкент ш.);
Фергана облустук мамлекеттик архив (Фергана ш.);
Алишер Навои атындагы улуттук китепкана (Ташкент ш.).
§ 2. Алыскы чет өлкөлөр:
Кытай Эл Республикасы
Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик архивдик башкармасы (Пекин ш.);
Кытайдын Биринчи тарых музейи (Пекин ш.).
Түркия Республикасы
Түркиянын Мамлекеттик архивдеринин башкы дирекциясы (Анкара ш.);
Түркиянын улуттук китепканасы (Анкара ш.).
Программаны ишке ашыруу мезгилинде чет өлкөлүк мекемелердин фонддорун изилдөө улантылат, алардын тизмеси такталат жана толукталат.
§ 3. Кыргызстандын тарыхы боюнча документтерди табуу ишине катышкан Кыргыз Республикасынын мекемелери
Чет өлкөлүк мекемелерден кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча документтерди табуу ишине катышып жаткандар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жана анын курамындагы мамлекеттик архивдер;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясы;
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети;
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
- К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети;
- дипломатиялык кызматтын органдары (өз компетенцияларынын чектеринде).
5. Кыргызстандын тарыхы боюнча документтерди табуу, тандоо, көчүрмөлөө, жеткирүү жана сактоо тартиби
Документтерди табуу жана көчүрүү боюнча иш системалуу мүнөздө болууга тийиш.
Программаны ишке ашыруунун координатору болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги саналат (мындан ары - Архив агенттиги).
Программаны ишке ашыруу үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен тарыхчы илимпоздордон жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт. План түзүүдө илимий эмгектердин библиографиясы, мамлекеттик архивдерде бар болгон булактык база, мурда табылган документтердин тизмеси изилденет. Планда издеп табууга жана көчүрмөлөөгө пландалып жаткан документтердин негиздери, актуалдуулугу, маалыматтык баалуулугу, ошондой эле иш сапардын мөөнөтүнүн жана узактыгынын негиздемеси баяндалат. Планды Архив агенттигинин илимий-методикалык кеңеши бекитет.
Кат алышуунун негизинде чет өлкөлүк мекеме менен жумушчу топтун баруусу жөнүндө алдын ала сүйлөшүүгө жетишилет.
Өкүлдөрү жумушчу топко катышкан мекемелердин бюджетине кийинки жылга чыгымдарды пландоодо Программаны ишке ашыруунун суммасы киргизилет.
Жумушчу топтун мүчөлөрү документтерди тандашат, аны көчүрмөлөшөт. Чет өлкөлүк мекемелерде табылган документтердин электрондук версиялары бар болсо, алардын электрондук көчүрмөсү да жасалат.
Иш сапардын жыйынтыгы боюнча топтун жетекчиси тарабынан изилденген фонддордун, тизимдердин жана көктөмөлөрдүн саны жөнүндө отчет түзүлөт, отчетко тандалган жана көчүрмөлөнгөн документтердин тизмеси тиркелет. Отчет Архив агенттигинин Илимий-методикалык кеңешинин кароосуна берилет.
Документтердин көчүрмөлөрү акт боюнча (ишинин багыты боюнча) Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивдеринин бирине мамлекеттик сактоого өткөрүлүп берилет. Документтердин көчүрмөлөрү мамлекеттик эсепке алынат жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат. Документтердин тизмеси Архив агенттигинин сайтына жайгаштырылат.
Документтердин электрондук версиясы жок болсо алар электрондук форматка которулат, маалыматтар базасы түзүлөт.
Программаны ишке ашыруунун координатору катары Архив агенттиги жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берет.
6. Программаны ишке ашыруунун финансылык ресурстары
Программа он жылга эсептелген. Негиз болуп (КМШга кирген мамлекеттерге) беш же (алыскы чет өлкөлөргө) үч адамдан турган экспедицияны отуз календардык күнгө каржылоонун эсеби алынган.
Программаны ишке ашыруу үчүн 24593,27 миң сом керектелет.
Документтердин толук табылышы жана Программанын толук ишке ашырылышы аны каржылоо деңгээлине жараша болот.
Программаны каржылоо үчүн республикалык бюджеттин каражаты жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттар тартылат.
7. Күтүлүүчү натыйжалар
Бул документтердин түп нускалары чет мамлекеттердин өздөрүнүн аймактарында жайгашкан фонд түзүүчүлөр (мекемелер же жеке адамдар) уюштурушкан китепканаларда, музейлерде, архивдерде топтолгондуктан Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондун Кыргызстандын тарыхы боюнча документтердин көчүрмөлөрү менен толуктоого мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдерине кабыл алынган жана аларда түп нусканын укугу менен эсепке алынган документтердин көчүрмөлөрү илимий изилдөөлөр, мамлекеттик башкаруунун практикалык маселелерин чечүү, маданий-билим берүүчү максаттары, көргөзмөлөрдү жана документтердин жыйнактарын, радио жана теле берүүлөрдү даярдоо, ММК публикацияларды даярдоо үчүн маалыматтык база болот.
Бул документтердин республиканын архивдеринде бар болуусу мамлекеттик бийликтин органдарына башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн архивдик документтерди ыкчам алууга мүмкүндүк берет (мисалы чектеш мамлекеттер менен болгон чек араны баяндоо маселеси), тарыхтын "ак тактарын" изилдөө мүмкүндүгүн кеңейтет, келечекте экономикалык пайда алып келет, анткени изилдөөчүлөргө керектүү документтерди издөө үчүн иш сапарларга чыгуу зарылчылыгы болбойт.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасында архив ишин өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын 2015-2019-жылдарга карата ПРОГРАММАСЫ
1. Учурдагы абалга жалпы баа
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдери Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу, узак мөөнөткө жана депозитардык сактоону, аларды коомдун жана жарандардын кызыкчылыгы үчүн такай толуктап, каттоого алып жана пайдаланууну ишке ашыруучу адистештирилген мамлекеттик мекемелер болуп саналышат.
Мамлекеттин архив кызматы "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына негизделет.
Учурда архив кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын курамына кирет.
Кыргыз Республикасынын архив кызматы борборлоштурулган бирдиктүү тармактан турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин (мындан ары - Архив агенттиги) башкаруу курамына борбордук мамлекеттик архивдер, облустук, райондук жана шаардык архивдер - бардыгы 65 мамлекеттик архив кирет. Аларда Кыргызстандын тарыхы, администрациялык-аймактык бөлүнүүсү боюнча, ар түрдүү мамлекеттик жана коомдук мекемелердин жана уюмдардын тарыхы боюнча, чарбанын бардык тармактарынын, маданияттын, илимдин өнүгүшү жөнүндө, чет өлкөлөр менен мамилелер, Кыргызстандын атактуу инсандары тууралуу кеңири маалыматтар сакталууда. Республиканын архивдеринде жарандардын социалдык укуктарын коргоо маселеси боюнча көп сандаган документтер топтолгон.
Республиканын архивдери архивдик документтерди сактоо, алардын мамлекеттик эсеби, аларга илимий-маалымдагыч аппараттарын түзүү, мекемелер жана уюмдар менен алардын архивдик фонддорун түзүү жана өз убагында мамлекеттик сактоого өткөрүү багытында иш жүргүзүү, коомдун архивдик маалыматтарга болгон талабын камсыз кылуу боюнча иштердин комплексин аткарышат. Бул максатта керектүү ченемдик-методикалык база иштелип чыккан жана ал мезгилдин талабын эске алуу менен дайыма өркүндөтүлүп турат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивдеринде XIX кылымдын биринчи жарымынан ушул кезге чейинки мезгилди камтыган 4 млн. ашык документтер сакталып турат. Анын ичинен 3 млн. 925 миңи кагазда, 16 миңден ашыгы кинодокументтер, 88 миңдейи фотодокументтер, 6 миңден ашыгы фонодокументтер, 600дөн ашыгы видеодокументтер.
Кыргыз Республикасынын Кинофотофонодокументтеринин борбордук мамлекеттик архивинен жана Документтер борборунан башка бардык архивдердин имараттары бар, алардын 9у - типтүү (борбордук жана облустук мамархивдердин көпчүлүгү) жана 56сы (айрым облустук жана бардык райондук-шаардык архивдер) архив сактоого ыңгайлаштырылган имараттар. 65 архивдин 57си гана архивдердин балансындагы имараттарда жайгашкан, калган 8 архив муниципалдык менчиктеги имараттарда же башка мекемелердин балансындагы имараттарда жайгашкан.
27 архивдин сактоочу жайлары толуп калгандыгына байланыштуу документтер менен толукталууга мүмкүнчүлүгү жок. Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви, Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архиви, Ош жана Чүй облустук мамлекеттик архивдер, Каракол, Балыкчы, Аксы, Жалал-Абад, Араван, Өзгөн ж.б. райондук жана шаардык архивдер абдан (100% ашык) толгон шартта иштешет.
2. Архив ишинин тармагындагы болуп жаткан проблемалар
Учурда мамлекеттик архив системасынын объекттерине кошумча аянттарды табуу жана капиталдык куруу маселеси курч болуп турат.
Мамлекеттик архивдердин имараттарына байланыштуу оор абал Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архивинде, Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаардык мамлекеттик архивинде, Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик архивинде, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик архивинде, Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивинде жана Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик архивинде пайда болду.
Мамлекеттик архивдердин материалдык-техникалык базасы моралдык жактан да, физикалык жактан да эскирген. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышы алардын имараттарынын жана инженердик коммуникацияларынын абалына жараша болот. Заманбап атайын каражаттардын жоктугунан архив документтери менен аткарылуучу бир катар операциялар - камсыздандыруу фондун түзүү, өчүп бараткан тексттерди калыбына келтирүү, документтерди сапаттуу реставрациялоо ж.б. иштер кыйындоодо. Тексттердин өчүп бараткандыгынан жана сактагычтардын бузулуп жаткандыгынан Кыргызстандын тарыхы боюнча XX кылымдын 20-40-жылдарында түзүлгөн баалуу документтерди жоготуп алуу коркунучу бар.
Документтердин узакка сакталышын камсыз кылуу үчүн оптималдуу температуралык-нымдуулук режимди сактоо зарыл. Архив сакталуучу жайларда кондиционерлердин жана жылытуу системасы жок болгондуктан температуранын жайкы-кышкы өзгөрүүсү архивдик документтердин бузулушуна алып келүүдө. Абанын тийиштүү температурасын жана нымдуулугун кармап туруучу жабдуу документтердин бузулуу процессин акырындата алат.
3. Программанын максаты жана милдеттери
Кыргыз Республикасында архив ишин өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын 2015-2019-жылдарга карата программасынын максаты болуп - Кыргыз Республикасынын тарыхый, экономикалык, саясый, социалдык, маданий дөөлөттөрүн чагылдырган документтердин мүмкүн болушунча сакталуусун камсыздоо, архивдик документтерди сактоочу жайларды кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондун толуктоо эсептелет.
Аталган максатка жетүү үчүн төмөндөгү маселелерди чечүү зарыл:
1. Төмөндөгү мамлекеттик архивдерди 2015-2019-жылдарда капиталдык курулуучу имараттардын реестрине киргизүү:
- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык мамлекеттик архиви;
- Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик архиви;
- Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик архиви;
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик архиви;
- Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик архиви;
- Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик архиви.
- Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архиви.
Төмөнкү мамлекеттик архивдердин имараттарына капиталдык ремонт жасоо:
- Чүй облустук мамлекеттик архиви;
- Жалал-Абад облустук мамлекеттик архиви;
- Ысык-Көл облустук мамлекеттик архиви;
- Ат-Башы райондук мамлекеттик архиви;
- Жайыл райондук мамлекеттик архиви;
- Баткен райондук мамлекеттик архиви;
- Баткен облустук мамлекеттик архиви;
- Жумгал райондук мамлекеттик архиви (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин имаратында температуралык-нымдуулук режимди кармап туруучу системаны орнотуу.
Архив агенттигинин бөлүктөрүн зарыл техника менен камсыз кылуу (серверлер, сканерлер, цифралык маалыматты сактоо системасы) жана архивдик документтердин бирдиктүү базасын түзүү.
Архив агенттигинин кызматкерлери үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (ICDL) жана архив ишинин маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуучу курстарды өткөрүү.
4. Программаны каржылоо булактары
Финансылык каржылоо болмоюнча архив ишинин өнүгүшү мүмкүн эмес, анын негизги булактары ички жана тышкы финансылык булактар.
Каржылоонун ички булактарына булар кирет:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
- акы алып кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каржылоо булактары.
Каржылоонун тышкы булактарына төмөнкүлөр кирет:
- эл аралык финансы уюмдарынын кредиттери жана гранттары;
- мамлекеттердин жана ар түрдүү эл аралык кайрымдуулук уюмдардын гранттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каржылоо булактары.
Жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө шаймандарды алууга, авариялык абалдагы имараттарга капиталдык ремонт жасоого, документтер менен комплектилөө үчүн запас аянттары болгон типтүү жаңы имараттарды капиталдык курууга каражат кароо зарыл.
Архив мекемелеринин ишмердигин мамлекеттик эмес каржылоо үчүн эл аралык уюмдардын мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдаланып, акы алып кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана аймагын кеңейтүү талап кылынат.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ишке ашыруунун натыйжасында булар күтүлөт:
- коюлган маселелерди аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу;
- архивдик документтерди авариялык имараттардан типтүү жаңы имараттарга көчүрүү жана сактоо;
- архивдик документтерди сактоого жаңы жайларды табуу;
- архив сактоочу жайларда оптималдуу температуралык-нымдуулук режимди сактоо;
- өтө баалуу документтерди электрондук сактагычтарга которуу (цифралоо);
- издөө ишин оптималдаштыруу үчүн архивдик документтердин дарек базасынын программасын түзүү жана ишке киргизүү;
- мамлекеттик архивдердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу;
- архив кызматынын кызматкерлеринин кесиптик тажрыйбасын жана адистешүүсүн жогорулатуу.
|
| Кыргыз Республикасында архив ишин өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын 2015-2019-жылдарга карата программасына тиркеме |
Кыргыз Республикасында архив ишин өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын 2015-2019-жылдарга карата программасын аткаруу үчүн ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ