Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
БУЙРУГУ
2015-жылдын 19-ноябры ПБ № 324
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 22 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- буйруктун бүткүл тексти боюнча «Конгресс-Холл» жана «Кабыл алуу үйү» имараттарын» деген сөздөр «Кабыл алуу үйү» имаратын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
экинчи абзацтагы «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемесин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: «- «Кабыл алуу үйү» имаратын делбоорлооге жана курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасын башкы подрядчы катары аныктасын;».
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |