Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-декабры № 604
Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын төмөнкү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлансын:
Жумаев Алтынбек Мусаевич | - | "Канал D" телерадиокомпания редакциясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору; |
Садиев Данияр Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын башкы директору; |
Эрмекбаев Толкун Омурбекович | - | "Башат" телерадиокомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору. |
Премьер-министр | Т.А. Сариев |