Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2016-жылдын 14-январы № 15

Кыргыз Республикасында социалдык милдеттерди чечүүгө максималдуу багыт алуу менен лотереялык ишти реформалоо максатында:

1. "Лотерея жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасында лотереялык ишти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасына, ошондой эле лотереялык ишти жөнгө салуу боюнча эл аралык тажрыйбага талдоо жүргүзсүн;

- "Лотерея жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоорун, социалдык милдеттерди чечүүгө багытталган, анын ичинде спорт жана маданият жаатында мамлекеттик лотереялык компаниялардын өзгөчө ишин Кыргыз Республикасына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

 

Тиркеме

Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Муканбетов С.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Пирназаров М.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Абиров М.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын финансы рыногундагы отчеттуулук жана контролдоо бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

Эсеналиев Т.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Баялиева К.И.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;

Исабеков К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;

Султанбаева А.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;

Адилбек уулу Ш.

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директорунун орун басары;

Абарбекова А.М.

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландаштыруу башкармалыгынын начальниги;

Кочкоров А.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин фискалдуу мыйзамдарды талдоо башкармалыгынын начальниги;

Таштан уулу Н.

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бешинчи башкы башкармалыгынын коррупцияга Каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын начальниги;

Молдоисаев Дж.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун стратегиялык пландоо жана кадрлар иштери башкармалыгынын начальниги;

Арпачиев К.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спорттук-массалык иштер бөлүмүнүн начальниги;

Кодуранова А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштөө жана калктын мүлккө болгон укуктарын каттоо жана архив чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башчысы;

Манкеева А.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кадрлар жана укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы.