Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
БУЙРУГУ
2016-жылдын 13-январы ПБ № 4
Болуп өткөн кадрдык өзгөрүүлөргө жана Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлангандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 142 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Д.И.Нарымбаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Э.А.-А.Кочкарова, Ф.З.Джамашева, Ж.Т.Абдырахманов, О.В.Лаврова чыгарылсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Ниязов Фарид Абилезимович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Шадиев Аскарбек Алимбаевич (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "КСДП" фракциясынан Жылкыбаев Узарбек Казиевич (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Кыргызстан" фракциясынан Алимбеков Нурбек Каарыевич (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика - Ата-Журт" фракциясынан Сабиров Максат Эсенович (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Бир Бол" фракциясынан Джакупова Чолпон Идиновна (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Токбаева Айнаш Абдымановна (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Айжигитов Дастанбай Абдирашитович (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |