Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-январы № 20-б
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында. "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп берсин:
- Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнө 2007-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 40620063194173, кузовунун № ХТН31105070146328 "ГАЗ-31105-100" маркасындагы автомашинаны;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнө 2002-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 7033351, кузовунун № ХТА21310020038929 "ВАЗ-21310" маркасындагы автомашинаны;
- Чүй облусунун Чүй районунун Сайлык айыл өкмөтүнө 1992-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № ААR082700, кузовунун № WAUZZZ4AZNN096839 "Ауди-С4" маркасындагы автомашинаны.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- белгиленген тартипте автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик органдарда кайра каттоону жүргүзүү;
- автотранспорт каражаттарын күтүүнү жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |