Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 13-январы № 3-б
1. Расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормодогу) төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Өнүгүүнүн эл аралык ассоциациясынын ортосундагы (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) Каржылоо боюнча макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгуучу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |